Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:05

Босниядагы тынчтык жараянында АКШнын арачысы болгон Ричард Холбрук мурдагы босниялык серб жетекчиси Радован Каражичтин тынчтык келишимине жетишүү үчүн Кошмо Штаттар ага согуш кылмыштары үчүн жазалоодон куткарууга убада кылгандыгы тууралуу сөзүн төгүнгө чыгарды. Кечээ (бейшембиде) мурдагы Югославия боюнча эл аралык трибуналга алгачкы жолу алынып келинген Радован Каражич 1996-жылы Холбрук мырза ага "Дейтон" (Dayton) тынчтык келишимине тоскоол кылбоо үчүн саясаттан кетүүнү сунуштаганын, анын өтөөсүнө расмий Вашингтон прокурорлорду Каражичтен согуш кылмыштары боюнча айыптоону алып салууга үндөөгө убада кылганын айткан болчу.

Мурдагы америкалык арачы Ричард Холбрук Кошмо Штаттар мурдагы босниялык серб жетекчиси Радован Каражичке согуш кылмыштары үчүн жазалоодон калкалай тургандай сунуш кылгандыгы тууралуу Каражичтин 31-июлдагы сөзүн таптакыр төгүнгө чыгарды.

Кабар агенттиктерине айткан сөзүндө, Холбрук Радован Каражич менен эч кандай бул сыяктуу адеп-ахлакка жатпаган келишимге барууга мүмкүн эместигин баса белгиледи.

Радован Каражич болсо 31-июлда Гаагадагы эл аралык трибуналга алгачкы ирет алынып келинген кезинде 1996-жылы Ричард Холбрук ага саясатты жана жалпы эле коомдук турмуштагы ишмердүүлүгүн таштап кетүүнү сунуштап, ал үчүн Кошмо Штаттар эл аралык прокурорлордон ага карата коюлган доолорду алып салууну сурана турганын убада кылган деп билдирген.

Каражичтин айтымында, Вашингтондун мындай өтүнүчү “суу кечпей калган соң”, анын өзүнүн керт башы ажал коркунучуна кириптер болуп отурат.

- Бул - өмүр менен өлүмдүн маселеси. Эгерде Холбрук мырза менин ажалымды кааласа, жана эгерде анын укуругу ушунчалык узун болсо, анда менин билгим келет – деги анын колу мага ушул жерден да жетээр бекен?

Ал эми Мурдагы Югославия боюнча Эл аралык трибуналдын соту, теги голландиялык Алфонс Ори (Alphons Orie) болсо бул сот отурумунун күн тартиби таптакыр башка маселеге арналаарын, бирок болочокто бул маселеге назар бурууга мүмкүн экендигин Каражичке эскертти.

Бейшембиде Радован Каражичке тукум курут саясаты боюнча бир доо, адамзатка каршы кылмыш боюнча беш доо, 1992-95-жылдардагы согуш кылмыштары боюнча төрт доо тааныштырылды. Алардын айрымдарын сот Ори мындайча окуду:

- Бул соттук доого караганда, Сиз, жекече иш-аракетиңиз менен болобу, же Босниядагы серб жетекчилиги менен биргеликтеби, 1991-жылдын 1-июлу менен 1995-жылдын 30-ноябрына чейинки аралыкта мурда Сербиянын Босния жана Герцеговина жумурияты деп жарыяланган Босния менен Герцеговинанын тийешелүү аймактарынан серб улутуна кирбеген кишилерди сүрүп чыгууга багытталган жазалоочу жана террордук тактикаларды камтыган иш-аракеттерди пландоо, аны аткарууга кишилерди козутуу, аларга буйрук берүү, кылмышты жүзөгө ашыруу же болбосо бул кылмыштуу аракеттерге көмөк көрсөтүү жана шыктандыруу чараларын жүргүзгөнсүз деп көрсөтүлөт.


Радован Каражич Сребреница шаарында 8 миңдей эркек мусулманды, Сараевону камалоо маалында 12 миңдей мусулманды кырууга тийешеси бар деп айыпталууда.

Сотко Радован Каражич азырынча бул айыптоолорго карата өз мамилесин билдирбей тургандыгын, анткени айрым доолор менен толук таанышып чыга электигин билдирди:

- Мен өзүмө карата айыптоону башка кимдир-бирөөнүн окушуна кызыкдар эмесмин. Андан көрөкчө, мен өзүм жаңы эле жарыяланган соттук доону өз колума алып, аны окуп чыгуу үчүн жетишээрлик убакытка ээ болушум керек. Андан соң гана мен сотко келип, мага карата коюлган айыптоолорго карата өз пикиримди билдиргеним жөн.

Айыптоочу тарап Каражичке карата дагы бир жаңы айыптоо даярдалып жатканын сотко билдирди, бирок бул жаңы доонун чоо-жайын тактап айткан жок.

Радован Каражич өзүнө карата айыптоолор тууралуу 30 күндүн ичинде сотко өз мамилесин билдирүүгө акылуу.

Сот Алфонс Ори Каражичке байланыштуу сот жараянынын кезектеги отурумун 30-августка белгиледи.

Мурдагы Югославиянын президенти Слободан Милошевичтин сотунда башкы айыптоочу болгон прокурор Жеффри Найс сыяктуу айрым серепчилердин айтымында, Радован Каражичтин соту узакка созулушу ыктымал, бирок эл аралык сот бул алдыдагы жараянды натыйжалуу алып баруу үчүн кыйла тажрыйба топтогон.
XS
SM
MD
LG