Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

12:15 Улуттук китепканада “Азаттык деген алгы сөз” аттуу көргөзмө ачылды


Көргөзмөдө 1916-жылдагы Үркүнгө байланыштуу архивдик документтер, Үркүндү чагылдырган саргайган гезиттер, жергиликтүү тарыхчылардын жазгандары, көтөрүлүш боюнча сейрек кездешүүчү материалдар, кандуу окуя жөнүндө жазган кыргыз акын-жазуучулардын чыгармалары, тарыхый эски сүрөттөр коюлган. Кечээ ачылган көргөзмөгө улуттук боштондук, эгемендүүлүк үчүн күрөштө курман болгондорго таазим кылып келишкен шаар тургундары, Маданият жана маалымат министри, жазуучу-акындар, окумуштуулар катышты. “Манас” корунун төрагасы Бактыбек Максүтов 1916-жылдагы көтөрүлүш жөнүндө окутууну мектеп программасына киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул Орусия менен Кыргызстандын мамилесин татаалдатууга эмес, тескерисинче кийинки муундар өз элинин тагдыры жөнүндө тарыхый чындыкты билүүсү үчүн зарыл. Айрым маалыматтарга караганда 1916-жылы Үркүндө эки жүз миңден ашуун кыргыздар кырылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG