Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:41

13:15 Дзю-дочу Талант Жанагулов Бээжин олимпиадасында Кыргызстандын желегин көтөрөт


XXIX Бээжин олимпиадасына Кыргызстандык спортчулардын бир тобу 1-августта кетишти. Негизги тобу 6-августта сапар алышмакчы. Олимпиадалык оюнга катышуучу 20 спортчуну кошкондо Кыргызстандан 50 чукул делегациянын баруусу күтүлүүдө. 30-июлда президент Курманбек Бакиев спортчуларды кабыл алып, мамлекеттин туусун Бээжинге алып баруу үчүн дзю-до күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүсү, олимпиаданын катышуучусу Талант Жанагуловго тапшырган. Мамлекет башчысы олимпиадачыларга ак жол, ийгилик каалап, жеңүүчүлөргө алтын медаль үчүн 150 миң доллар, күмүш байгеге 100 миң жана коло медаль үчүн 75 миң долларлык байге берилээрин белгилеген. Бээжин олимпиадасынын ачылыш салтанатына катышуу үчүн Бакиев дагы 7-августта Кытай Эл республикасына барары кабарланууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG