«Ак жол» фракциясы 2010-жылкы президенттик шайлоодо Курманбек Бакиевди кайрадан мамлекет башчылыгына сүрөмөкчү
Ушундай оюн Жогорку Кеңештеги «Акжол» фракциясынын депутаты Санжар Кадыралиев Ошто шайлоочулар менен жолугушуудан соң «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Президент Бакиев башкарган үч жылда өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда олуттуу өзгөрүүлөр болду. Азыркы ар тараптуу реформалар дагы болочокто жакшы натыйжаларды берээринен үмүттөндүрөт.
Оштогу Коомдук кыймылдын төрагасы Абдыкайым Кангелдиев «Мыйзамчы Кадыралиев Шайлоо Кодексин одоно түрдө бузду. Эл арасында Бакиевдин пайдасына мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзгөндүгү үчүн Жогорку Кеңеш тарабынан баа берилүүгө тийиш» деп эсептейт. (ATo)