Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

ЖАЛАЛ-АБАТ ОБЛСОТУ К.ТЕЗЕКБАЕВДИН ДОО АРЫЗЫН КАНААТТАНДЫРГАН ЖОК


Ырысбай Абдыраимов, Жалал-Абат Ош облусунун губернаторунун мурдагы 1-орун басары Кушбак Тезекбаев Жалал-Абат облустук сотунун чечимин Жогорку сотко берер-бербеси аныктала элек. Ушул аптанын башында өткөн облустук сот отуруму Тезекбаевдин арызын канагаттандырбай, райондук сот чечимин күчүндө калтырды. Губернатордун мурдагы орун басары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген негиз менен 5 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылган. Айыпталуучу саясий активдүүлүгү үчүн жабыр тарткандыгын айтып келүүдө.

Облустук соттун коллегиясы Кушбак Тезекбаевге карата чыгарылган Жалал-Абат шаардык сотунун өкүмүнүн айрым бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизди. Айыпталуучунун үй мүлкү мамлекет пайдасына чегерилбей турган болду. Адвокат Шадыбек Сопубековдун айтымында, облустук сот Ош облусунун губернаторунун мурдагы 1-орун басарын күчөтүлгөн тартипте беш жылга эркинен ажыраткан алгачкы соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Ушул тапта айыпталуучу шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында жатат.

Кушбак Тезекбаев ага айып коюлгандай кызмат абалынан пайдаланбаганын айтып, облустук соттон өзүн актап чыгарууну өтүнгөн. Табият кырсыгынан жабыр тарткандарга Орусиядан келген кайрымдуулук жардамына өкмөттүн тиешеси болбогондугун, ал кызмат сапарынан Ошко кайтып баргыча эле жардамдын көп бөлүгү таркатылып кеткендигин, калганы комиссиянын колу менен таркатылганын билдирген. Ал өзүнүн бир жылдан бери абакта жатышын ишиндеги кемчилиги менен эмес, президенттин инисине моюн сунбагандыгы менен байланыштырат:

- Катуу кысым жасашты. Муну уюштуруп аткан президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев. Эгерде мен мамлекетке, же элиме бир сомдук зыян келтирсем, мен өзүмдү-өзүм курмандыкка чалам. Жаныш Салиевич эч жерде иштебей туруп чогулуштарды өткөргөндө, мен президентти гана угам, сени укпайм дегем. Ушул жазыгым үчүн мына мени бир жылдан бери кыйнап атышат.

Анын мындай пикири менен алгачкы сотко мамлекеттик айыптоочу болуп катышкан Талант Аккозуев макул эмес. Облустук прокурордун орунбасарынын тергөө материалдарына таянып билдиришине караганда, Тезекбаевдин ишин саясат менен байланыштыруу туура эмес. Ал конкерттүү жасаган күнөөлөрү үчүн жооптуу:

- Кылмыш иштин бирден-бир себеби Орусия мамлекетинен 2006-жылы гумжардамга келген кийим-кече, дары-дармектерди башка адамдарга берип жиберген фактылары боюнча козголгон.

Кушбак Тезекбаевдин белгилешинче, кылмыш жасалды делген болсо, тергөө-иликтөө иштери Ош облусунда эмес, Жалал-Абатта териштирилгени таңкалыштуу. Аны өкмөттүк жыйынга баратканда кармап алышып, тергөөнүң алгачкы бөлүгүн Бишкекте жүргүзгөн соң, ишти кароону 1-Май, кийин Бишкек шаардык соттору четке кагышкандыгын Кушбак Тезекбаев мындайча айтты:

- Жок жерден сен гумжардамга кол койгонсуң дейт. Ал гумжардамды же президент, же өкмөт берген эмес. Москва менен сүйлөшүп, садага катары өзүбүз алып келгенбиз. Ал мыйзам чегинде бөлүнгөн. Сен регистрация кылбапсың дейт. Ошол комиссиянын мүчөсүндө 10 адам бар. Ошолор бүтүрүш керек. Алардын баарынын жүрөгүн түшүрүшүп, түштүктө Жаныш хан болуп алган. Бириң Тезекбаевге бир нерсе берсеңер, ушундай кылам деп кысып атат. Сотко бир киши келип менин көзүмө жаман сөз айта алган жок. Жөн гана өмүрүмдү түрмөдө кысып атышат. Буларга менин өмүрүм керек экен.

“Ак жол” партиясынын Жалал-Абаттагы өкүлү Майрамбек Адылбеков президенттин туугандары сот ишине кийлигишпей тургандыгын кошумчалап, Кушбак Тезекбаевдин көрсөтмөлөрүн актануу иретинде кабыл алгандыгын билдирди:

- Жаныш Бакиев чогулушка чакырганда барбай койсо ушунчалык куугунтук жеп атам деген бул болбогон сөз. Кантип эле чогулушка келбей койгон адамды каматууга чейин алып барсын. Жаныш Бакиевдин бүгүнкү күндө түштүк облусундагы бир дагы атуулга эч кандай таасири, мамлекеттик бийликке, жарандык процесстерге эч кандай кийлигишүүсү жок деп эсептейм.

XS
SM
MD
LG