Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

«Жаңы Азербайжан» партиясы Илхам Алиевди экинчи мөөнөткө президенттикке талапкер катары көрсөттү


Алиев Азербайжанда 2003-жылы октябрдан бери маркум атасы Гейдар Алиевдин ордунда президент болуп бийликте отурат. Илхам Алиев бүгүн калкына кайрылып сүйлөп, эгер октябрда боло турган шайлоодо кайра президент болуп шайланса, анда улуттук кызыкчылыкка төп саясатты улантууга убада кылды. Оппозиция болсо Илхам Алиевди атасы түзгөн авторитардык режимди сактоодо деп айыптап келет. Азербайжандагы оппозициялык партия Мусават өз кезегинде октябрдагы президенттик шайлоолор демократиялуу өтпөйт деп билдирип, шайлоону бойкот кыларын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG