Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

10:20 Кыргызстанда “Эне сүтү менен тамактангандарды коргоо” мыйзам долбоору талкууланат


“Эне сүтү менен тамактангандарды коргоо жана балдардын жасалма азыктарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо “Манас таалими” улуттук программасында каралган. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган талкуу “Эне сүтү-жеңиштин алтыны” деген ураандын астында ушул күндөрү республика боюнча өтүп жаткан Эне сүтү менен тамактанган балдардын Бүткүл дүйнөлүк жумалыгынын алкгында өтөт. 1-августта башталган бул иш чарада 6 айга чейинки балдарды эне сүтү менен тамактандыруу боюнча тажрыйба алмашуу болот. Жумалыкка байланыштуу эртең 4-августта БУУнун Кыргызстандагы кеңсээсинде тегерек үстөл жыйыны өтмөкчү. Ал эми “Эне сүтү менен тамактангандарды коргоо мыйзам” долбоору боюнча коомдук угуулар 6-августта Талас облусунда болот.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG