Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:05

12:30 Элдик эсепке 230 млн сом түштү


Каржы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай,мамлекеттин тышкы карызын жоюу үчүн ачылган Элдик эсепке 230 млн 481миң 77 сом жана 3 миң 350 АКШ доллар түштү. Ал эми бүгүнкү күнгө карата мамлекеттин тышкы карызы 2 162 млн долларды түзөт. Тыш бересени элдин колдоосу менен жабуу максатында 2007-жылы 24-майда өкмөттүн токтому менен Элдик эсеп ачылган. Эсепке түшкөн каражат мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин, бейөкмөт, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн турган Байкоочу кеңеши тарабынан көзөмөлгө алынат. Элдин эсебинен тыш карыздан кутулуу амалдары буга чейин Түштүк Корея сыяктуу бир катар мамлекеттерде колдонулган эле.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG