Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:53

Апта башында көз карандысыз “Де-факто” гезитинин баш редакторуна каршы козголгон ишти Биричи май райондук соту Бишкек шаардык прокуратурасына кайра тергөөгө жиберди. Ушул эле аптада Биринчи май райондук соту гезитти дагы 2 миллион сом доого жыккандыгы маалымдалды.

Кыргыз коомчулугунда кыска убакытта көз карандысыз таасирдүү саясий гезит катары таанылган “Де-факто” жыл башынан бери соттук териштирүүлөрдөн кутула албай келатат. Адегенде президент Курманбек Бакиевдин жакын тууганы беделиме доо кетирди деп жазган арызынын негизинде гезит 1 млн. сом доого жыгылган болчу. Ал эми июнь айынын ортосунда андан да оор доо коюлуп, гезиттин баш редактору Чолпон Орозобековага Кылмыш-жаза кодексинин 30 жана 329-беренесине ылайык атайылап жалган маалымат таратты деген негиз менен кылмыш иши козголду. Ага Замира Молдоеванын атынан президенттин дарегине жазылган кайрылуунун гезитке басылышы, анын негизинде салык инспекциясынын шаардык прокуратурага жолдогон арызы түрткү болду.

Ушул эле кайрылуу гезитке мурдагы 1 миллион сом айыпка кошумча дагы 2 миллион сом айып жүктөлүшүн шарттады. Мындай доо арыз менен гезиттик материалдын негизинде Биринчи май райондук сотуна Салык инспекциясынын башчысы Таалайбек Далбаев жана айыл чарба министри Арстанбек Ногоев кайрылышкан. Анын үстүнө бул чечим жоопкер тараптын катышуусуз кабыл алынгандыгын “Азаттыкка” гезиттин адвокаты Нина Зотова билдирди:

- Сот отуруму жөнүндө Чолпонго (Орозобекова-авт.) маалымдалган эмес. Чакыруусун алган эмес. Доо арыздын көчүрмөсүн берген эмес. Аны коргонуу укугунан ажыраткан болуп калып атпайбы. Жарандык-Процессуалдык Кодексте бул мындай деп каралган эмес.

Жоопкер тараптын айтымында, сот чечимдерине макул эместигин билдирип, даттануу аракеттери ар кандай билинбеген тоскоолдуктарга кабылып жатат.

Журналисттердин таламын талашкан укук коргоочулар журналисттерге жана маалымат каражаттарына миллиондоп айып салуу дагы, Кылмыш-Жаза Кодексинин 30-жана 129 –беренелери боюнча айып тагуу да Кыргызстандын тарыхында биринчи катталып жаткандыгын айтышууда.

“Де-фактонун” мындай акыбалга кирептер болушун гезиттин баш редактору Чолпон Орозобекова бийликтин саясий кызыкчылыгы менен байланыштырууда:

- Жаныш Бакиевдин уулунун арызы боюнча бизге 1 млн. сом салынганда биз “Бакиевдерге жардам” деген акция менен окурмандардан 1 сомдон чогултуп баштаганбыз. Бул акция жер-жерлерге да жайылып атты эле, Бакиевдер мына ушуну кечире албай атышат. Экинчиден азыр бийлик тарабынан массалык маалымат каражаттарын түрдүү жолдор менен бир колго чогултууга аракет болууда. Мындан тышкары жакында бийлик медиа-холдинг түзүүнү көздөп жатат деген маалыматтар бар.

Чолпон Орозобекова мындай пикирин бийликтин гезитке каршы ыкчам жасалып жаткан аракеттери менен негиздеди. Бул аралыкта гезитке байкоо жүргүзүп тургандар жарандык жана кылмыштык негиздеги териштирүүлөрдүн бардыгы гезиттин жабылышына алып баратат деп жатышат.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдырасулова, маселен, мындай дейт:
- Соттук териштирүүлөр газетаны жабууга багытталып калганы көрүнүп турат. Көз карандысыз гезиттер таптакыр жок болуп бараткандыгы өкүнүчтүү.

Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев мындай көз караштарды бөлүшө албайт:
- Бардыгыбыз мыйзам алдында бирдейбиз. Көз карандысыз гезитпи, мамлекеттик гезит болобу, дегеле жарандар мыйзам алдында бирдей жооп тартабыз. Эч кандай көз каранды басылма, көз карандысыз басылма деген болбош керек. Мен муну эч кандай кысым деп айта албайм. Ошол эле газетанын кетирген кемчилиги –макаланы толук текшербей, ийне-жибине чейин аныктабай туруп басып жибергени. Анан бул бардыгыбызга ачуу сабак болуш керек. Себеп дегенде мен ойлойм, сотко кайрылганда, соттон тиешелүү чечимдер болбосо, анда бардык эле гезиттер жалганды, такталбаган маалыматты баса бериш керекпи? Басым жасап атат деп коомчулукка жар сала бериш керекпи? Анда бизде ошондой эле түшүнүк болуп калып атат да, туурабы? Ырас, кемчилик, катачылык кеттиби, сот ошондой аныктаса, биз соттун чечимине макул болушубуз керек да. Туура түшүнүшүбүз керек да.

Ушундай эле көз карашты карманган айыптоочу тарап да гезитке койгон талаптарынан кайткан жери жок. Ал эми “ЭрК” саясий партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу мындай ызы-чуу көп учурда журналисттерде маалымат алуу эркиндиги жетиштүү камсыздалбагандын айынан келип чыгууда дейт. Бул өз кезегинде журналисттердин тобокелчиликке барышын шарттоодо:

- Бүгүнкү күнү бийлик жабык болсо, журналисттер өздөрү болжолдоп маалымат берсе же так маалымат ала албай, башка бирөөнөн алып берсе, ал үчүн мынча чоң акчага аларды жыгуу туура эмес. Себеби, президенттин инисинин баласынын абийири эч качан 1 млн. сом боло албайт. Менмин деген саясатчылардын, инсандардын абийирин, иш репутациясын сот 5 миңге, 10 миңге баалайт. А эч ким тааныбыган студенттин абийирин 1 млн. сомго баалоо, мен ойлойм, бул - бийликтин заказын аткаруу.

Саясатчы басма сөзгө мындай мамиле опурталдуу, анткени, сот барган сайын атка минерлердин айдаганы менен болуп, бийликке ашкере күн карама болуп баратат дейт. Анын оюнда бул жагынан азыркы бийликтин аракеттери мурдагы бийликтин аракеттеринен да ашып кетти:

- Аскар Акаевдин мезгилинде да эң жогорку даражадагы кызматкерлер сотко берип, эки-үч гезитти жаптырган, эки-үч журналистти соттоткон. Эми ошол кайтып келип атабы деп шек саноого негиз бар. Анткени сотко бергендерди карап көрсөңөр жалаң эле жогорку даражадагы кызматкерлер. Анын ичинде президенттин да жакын туугандары, анан айланасы. Бул коркунуч сезимди туудурат.

Мындай жагдайда көз карандысыз гезит катары таанылып калган “Де-фактону” соттун колу аркылуу жаап тынуу демократияны бет алган Кыргызстанга да, анын башындагыларга да аброй алып келбейт. Экинчи жагынан мындай мамиле башка журналисттерди да, маалымат каражаттарын да мокотуп коеру бышык.

Мындай пикири менен журналист Бакыт Орунбеков бөлүштү:
- Анткени бул берене аркылуу журналисттерге, редакцияга жанагынчалык чыгым төлөтүү боюнча чечимдердин чыгып жатышы гезитти токтотууга алып келген чара. Бийлик өзүнүн алдындагы бутактары, бийлик каражаттары аркылуу массалык маалымат каражаттарына жасаган бөгөтү десек болот. Бул жагдай бир топ журналисттерди чочутуп койду. Азыркы бийликтин журналисттерди камап да коюуга, олчойгон акчаларды салып туруп, журналисттердин ишмердүүлүгүн токтотуп коюуга да мүмкүнчүлүгү бары көрүнүп турат. Бир топ журналисттер тизгинин тартып калат. Анткеи ар биринин үй-бүлөсү, бала-чакасы бар. Ошондуктан мындан бир топ журналисттер кылчакташат.

Мамлекеттик ишмер Абдыганы Эркебаевдин оюнда маалымат каражаттары журналисттик этиканы бузган шартта да кылмыш жообуна тартууга бийликтин укугу жок. Анткени бийлик мыйзам алдында ошондой милдеттенмелерди алган:

- Басма сөз эркиндигине кенен орун беришибиз керек. Конституцияга жазганбыз, атайын мыйзам бар. Аны мен басма сөз министри кезинде даярдап, вице-премьер кезимде парламенттен өткөргөм. Абдан ачык-айкын мыйзам болчу. Биз СССРдин үлгүсүн алганбыз. Ушу күнгө чейин Россия ошону колдонуп келатпайбы. Өзүбүзгө ошондой милдет алгандан кийин, жазгандан кийин аны аягына чейин колдонушубуз керек. Өзгөчө бийлик адамдары эки нерсенин бирин тандайт. Эгерде жөн эле адам болсоң – жеке ишиң, өзүн билесиң каалайсыңбы-каалабайсыңбы басма сөздү. Ал эми мамлекетте демократиялык өлкө болгондон кийин аны ар тараптан колдоп, атүгүл өнүктүргөнгө жардам бериш керек. Бул багытта басма сөзгө ар кандай кысым болушун, мейли ал саясий болобу, кызматтык-административдик болобу, экономикалык жактан болобу – мен аны туура көрбөйм. Басма сөз ээн-эркин болушу керек.

Ошентип, “Де-факто” гезитинин айланасындагы соттук териштирүүлөр качан соңуна чыгаары, кандай жыйынтык болору тууралуу алдын ала болжоо азырынча мүмкүн эмес. 28-июлдагы соттун чечимине ылайык Бишкек шаар прокуратурасына кайтарылган кылмыш ишти кайра тергөөгө эки ай убакыт берилет.

Аптасына 27 миң нуска менен чыгып келаткан “Де-факто” гезитинин редакциясы июль айынын башында жайкы эс алуу жарыялаган. Баш редактор Чолпон Орозобекованын “Азаттыкка” ушул аптада билдиргенине караганда, августтун этегинде гезит жамааты эс алуудан ишке кайтат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG