Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:12

“Азаттыктын” апталык “Адам жана базар” экономикалык берүүсүндө мал этинин баасы тууралуу сөз болмокчу. Байкоочулар тоюттун жетишсиздигинен акыркы убактарда малдын баасы бир топ ылдыйлаганын айтышууда. Бирок базарларда, дүкөндөрдө сатылып жаткан эт жана эт азыктарынын бааларында эч кандай өзгөрүү жок. Керектөөчүлөр мунун себебин ортомчу кызыл кулактардан көрүшүүдө.

Тоюттун жетишсиздигинен акыркы айларда малдын баасы арзандоодо, жергиликтүү байкоочулар баалардын 20-30 пайызга чейин төмөндөгөнүн айтышууда. Алардын белгилөөсү боюнча мал-жандык күзгө жуук дагы арзандайт. Анткени жаңы окуу жылынын башталышы, ага жумшалуучу каражат үчүн малдын базарда арбын сатылышы себеп болот. Ал эми мунун эң негизги себеби катары тоют азыктарынын жетишсиздиги айтылууда. Байкоочулар ушул тапта жайлоодо жүргөн мал күзүндө жакага түшөөрү менен колду карап калаарын айтышып, быйылкы кургакчылыктан улам жетиштүү тоют жыйнай албай калган адамдар малын эттен түшө электе сатууга аракет кылаарын белгилешет.

КЫЗЫЛ КУЛАКТАРДЫН ЭСЕБИН ӨКМӨТ ТАБУУГА МИЛДЕТТҮҮ

Бирок малдын арзан болгону эт базарына таасирин тийгизе албай жатканы өкүнүчтүү. Базарда орто семиздиктеги кой 2,5 миң сом турганы менен койдун этинин баасы килограммына 200-220 сомдон төмөндөй элек.

Жалал-Aбат облусу айдоо аянттары менен бирге эле жайлоо-жайыттарга да бай аймак болуп эсептелет. Быйылкы кургакчылыктан табигый чөп аз болуп, айдалган беде, жүгөрү мурдагыдай түшүмдүү эмес. Ушуга байланыштуу Жалал-Абаттын мал базарларында ири жана кичи жандык арзан болгону менен эттин баасы былтыркыдан дээрлик 70-80 сомго кымбат боюнча турат. Жергиликтүү эл мындай көрүнүш ортомчу кызыл кулактардын айынан болуп жатса да, бийлик буга каршы бир чараларды көрүүгө тийиш деп эсептешет. Күйдүргү илдети чыккандыгына байланыштуу Ноокен райондук жана Кочкор ата шаардык мал базарлары менен эт дүкөндөрү бир айга жабылган. Бирок касапчылар мал-койлорду үйлөрүндө союшуп, этти айыл-кыштактарда соодалап жатканы тууралуу маалыматтар бар.

Жалал-Абат шаарынын борбордук базарында ушу тапта койдун этинин бир килограммы 180 сомдон, уйдун эти 150-160 сомдон сатылууда. Сурамжылоого караганда өткөн жылдын ушул мезгилинде кой эти 140-150 сомдон, уй эти 130-140 сомдон болгон. Быйыл жыл кургакчыл келип, жамгыр жаабай, суунун тартыш болгондугунан адырларда чөп өскөн жок. Токойлуу аймактарда да чөп орок-чалгыга араң илээшти. Сузак районунда жашаган Узакбай Маматкуловдун көз карашында тоюттун начардыгы жана алардын бааларынын кымбаттыгы бодо мал менен кой-эчкилердин арзандашына алып келди:

-Кышка мал тоютун камдоого чама-чаркы жетпеген адамдар эмитен мал-жандыктарын базарда соодалай баштады. Албетте базарларда торпок-уй, бука, койлордун баалары арзандап баратат. Өткөн жылдагыга караганда койлор 500 сомдон 1000 сомго чейин, саан уйлар, бордоп семиртилген букалардын баалары 3-4 миң сомго дейре төмөн болууда. Азыр малы көбүрөөк малчылар беде, жүгөрү айдаган дыйкандар менен эмитен чөп орула электе эле баалашып, акчасын берип, сатып алып коюп жатышат. Быйылкы жылы тоют тартыш болуп, чыныгы жут болчу коркунуч бар.

Эттин баасы кымбаттап, тирүү малдын баасы арзандаган маалда сатуучулар менен кардарлар да жабыр тартууда. Базарда бааны эркин кое берген өкмөт мындай учурда абалды дүйнөлүк азык-түлүк тартыштыгы менен сырткы таасирлерге шылтабай, өз элин мүмкүнчүлүгүнө жараша социалдык жактан коргоого алууга милдеттүү. Ушундай көз карашын билдирген Жалал-Абат шаарынын тургуну Кадырбек Жакыповдун байкоосуна караганда, алган маянасы менен тапкан кирешелери бүгүнкү жашоо керектөөсүнө жетпеген адамдар эт сатып алууну унутуп калышкан:

-Мамлекет бул маселеге өтө көңүл бурушу керек. Анткени бул көрүнүшкө тышкы факторлордун эч кандай тиешеси жок. Өкмөт мал саткан малчылар менен эт сатып алып жатышкан керектөөчүлөрдүн укугу үчүн бир чараларды көрүүгө тийиш.

Баалардын өсүшүнөн жарандардын бардыгы жабыр тартууда. Өзгөчө көп үй-бүлөлүү жана жетиштүү айлык албаган казыналык мекемелердин кызматкерлери менен бирге эле бир айлык пенсиясы жарым кап ундун баасына чендебеген эс алуудагылар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоого болгон укугун эске алган адам жок. Облустагы адам укугун коргоочу «Адилеттик» уюмунун өкүлү Бактыкан Жапарованын баамдоосуна караганда, айыл-кыштактарда жашаган адамдардын эт-май эмес, жада калса ун-нан сатып алуусу да кыйын боло баштады.

КАЗАКСТАНДАН АРЫК, ООРУЛУУ МАЛ АЛЫНЫП КЕЛИП ЖАТАБЫ?

Түштүктө тоюттун жетишсиздиги жана азык-түлүктүн кымбаттыгы мал баасынын арзандашына алып келип жаткандыгы айтылса, Чүй жана Талас облустарында ири жана кичи малдын баасы коңшулаш Казакстандык жарандардын Кыргызстандын базарларына малды арзан сатып жаткандыгынан улам төмөндөп жатканы айтылууда. Таластык тургундар да малдын баасынын арзан болгону менен эттин баасы кымбат боюнча калып жаткандыгына нааразы. Ал эми базар, дүкөндөгү эт сатуучулар Казакстандан арык, оорулуу малдар алып келинип жаткандыгын айтышат.

Талас облустук монополияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бообек Оморов базардагы эт сатуучулардан бааны төмөндөтүүгө үндөп атайын комиссия менен базарларды кыдырган:

-Силер да бала-чака багып атасыңар, түшүнөбүз. Бирок карапайым элди да ойлогула. Азыр мал арзан, бардык жерде, деди Бообек Оморов эт сатуучуларга кайрылып. Бирок анын үндөөсүнө макул болуп, эттин баасын төмөндөткөн эч ким болгон жок.

Эс алуудагы Оймол Осмоналиева 1000-1500 сом пенсия алган карыялар эт жегенди жакында унутуп коерун айтып тынчсызданат:

-Жетпей атпайбы. Анан кантип ыраазы болосуң? Ун алсаң, этке жетпейт. Эт алсаң наныңа жетпейт..

Коңшулаш Казакстандан келген ири жана кичи жандыктар арзан баада 1000-1500 сомдун айланасында эле сатылып жатканы менен эттин баасы өтө эле кымбат коюлуп жаткандыгына нааразылыгын базардагы сатып алуучулардын бири Алтынбек “Азаттыктын” кабарчысына айтты:

-Ар ким өз каалаган баасын коюп сатып жатат. Өкмөт деген караш керек да.

Ал эми эт сатуучулар болсо базарга сатуу үчүн семиз малды гана сатып алып жатышканын, тирүү мал кымбат туруп жатканын айтышат. Касапчы Доктурбек Тыналиев эттин азыркы баасы өтө деле кымбат эмес экендигин айтып, эттин баасы ылдыйлабайт дейт:

-Казакстандан оорулуу, арык малдар келип атат. Биз аларды алып, союп, базарга алып чыга албайбыз. Эти жок, шылынган эле сөөк. Биз сатуу үчүн багылган, семиз мал алып соебуз. Кээде алар да бир нече күнгө чейин багылат. Буга каражат кетет. Эт кымбат эмес азыр, арзан. Мындан ылдый төмөндөтө албайбыз.

КАРЫШКЫРГА КОЙ КАЙТАРТКАН ЗАМАНДА КАРАПАЙЫМ ЭЛГЕ ЖАКШЫЛЫК ЖОК

Айрым байкоочулар базарларда малдын баасы ылдыйлап жатканы менен эттин баасы тескерисинче өсүп жаткандыгынан карапайым эл эле жапа чегип жаткандыгын айтышат. Коомчулукта мунун баарына өлкөдөгү башкаруу системасынын эл үчүн иштебей жаткандыгы жана коррупциянын күч алышы негизги себеп деп эсептешет.

Көз карандысыз экономисттердин бири Айылчы Сарыбаев мындай көрүнүш Кыргызстандагы жапайы базар шартында табигый нерсе деген пикирде. Анын айтуусунда, мындай шартта ар бир адам акча табууга гана аракет жасайт:

Малдын арзандап кетиши-тоюттун жетишсиздигине байланыштуу. Мындан тышкары азыр базарга эт жана эт азыктары толуп кетти. Азык-түлүк көп, сатып алуучулар аз болуп атат. Бул табигый көрүнүш.

“Азаттык”: Бирок андай учурда эт арзан болушу керек да. Бизде тескерисинче болуп атпайбы..?

А.Сарыбаев: Туура айтасыз. Анткени бизде эт базарын бир ууч мафиоздор ээлеп алышкан. Эч кимге баш ийбеген мафиоздук топтор базарды колго алып алышкан. Муну жоюу үчүн бардыгын легалдаштыруу керек. Базардагы соода-сатыктын баарын мыйзамдаштырып, бир кезде киргизилбей калган кассалык аппараттарды коюп, эсеп-кысап, бухгалтерия жүргүзүп, легалдаштыруу керек.

“Азаттык”: Сиз билсеңиз керек азыр биздин эт базарларга Кыргызстанда же Казакстанда өстүрүлгөн малдын эти эмес, Кытайдан апкелинген эт көбүрөөк түшүүдө. Мындан тышкары АКШ, Канада сыяктуу өлкөлөрдөн он-он беш жыл мурунку атайын сакталып коюлган эттер колбаса цехтеринде иштетилип жатат деген маалымат бар

А.Сарыбаев: Бизде базардагы азык-түлүктүн 80 пайызы четтен келет. Ошол импорттун баары мафиялашкан топтордун колунда. Ал топтор мамлекет башында отурушат. Алар соода-сатыктын баарын ээлеп алышкан, ошондуктан алар өзүбүздүн этти сатууга кызыкдар эмес, аларга сырттан апкелинген этти сатуу артык. Мунун баары коррупция.
Мамлекеттик система өзгөрүп, коррупция жоюлмайынча, эч кандай өзгөрүү болбойт. Карапайым элдин эсебинен бир ууч мафиоздор менен коррупционерлер байыйт. Бул жапайы базардын обьективдүү мыйзамы. Буга каршы туруу үчүн күчтүү мамлекеттик система кирет. Жалаң бөрүлөр өздөрү башында турган өлкөдө андай система жок.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG