Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:23

Уланбек Абдырахманов, Талас Чыңгыз Айтматовдун атын Талас облусунун Кара-Буура районунун борбору болгон Кызыл-Адыр айылына берүү жөнүндө жана аны Чыңгыз шаары деп атоо тууралуу жергиликтүү депутаттар чечим чыгарышты. Бул тууралуу 1-август күнү Кара-Буура районундагы Шекер айылында Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн кайткандыгынын элүү эки күн толгонуна байланыштуу эскерүү кечесинде айтылды.

Бул эскерүү кече Айтматовдун чоңоюп өскөн жери Кара-Буура районунун Шекер айылынын түштүк жагындагы Айтматовдун чыгармаларына арналган ачык асман алдындагы музейде болуп өткөнү өзгөчө толкундандыра турган көрүнүш болду. Жергиликтүү төкмө акындардын комуздун коштоосундагы муңдуу кошоктору көпчүлүктүн муун-жүнүн бошотуп, көздөрүнө жаш алдырды.

Ачык асман алдында Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын таштан жасалган айкелдеринин тегерегинде ондон ашык боз үй тигилди. Боз үйдүн ичинде жана сыртындагы көк жайыкта Чыңгыз Айтматовдун жердештери, Бишкектен келишкен маданият жана адабият ишмерлери, тууган жээк- жааттары жалаң Айтматов тууралуу кеп кылып жатышты. Жалпысынан эскерүү салтанатына миңге жакын адам катышты. Ошол музейдин күн чыгыш жагындагы Айтматов өз чыгармасында жазган “Бото көз” булакка эскерүү салтанатына келген адамдар зыярат кылып, булактан суу ичишип, беттерин сууга чайышты.

Чыңгыз Айтматовдун бир тууган карындашы Роза Айтматова аталган булак тууралуу кеп кылып, бир тууганын төмөнкүчө эскерди:

- Бир окуяга айтып берди эле. Үчүнчү же төртүнчү класста окуп жүрсө керек. Окуучулардын баарын пионерге алып, агам Чыңгызды пионерге албай коюптур. “Сен душмандын баласысың” деп. Ыза болуп каалганы шарт жаап, класстан жүгүрүп чыгып, “Бото көз” булакка барып көз жашымды төккөм деп айтып берген. Ошол булакка барып сырдашып, көз жашын төгүп жүрсө керек.

Көрүнүктүү композитор Муратбек Бегалиев Чыңгыз Айтматовдун жазган чыгармалары өзгөчө чеберчилик менен жазылып, АКШ, Орусия, жалпысынан онго жакын мамлекеттердеги дүйнөлүк музейлерде сакталып келгенин айтты:

- Биринин ичинде бир эшик сейф экен. Анын ичинде эң сыйлуу деген адамзаттын жетишкендик чыгармаларын сакташат экен. Андагы китепти көргөзүп, сиз сураган сиздин эң жакын тууганыңыз Чыңгыз Айтматов дешти. Ал бүткүл дүйнөнүн жазуучусу, жалгыз ушул кишиге заказ берилген экен.

Кыргыз кино режиссеру Бакыт Карагулов Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары идеология катары көптөгөн муундарды тарбиялап келүүдө дейт:

- Жазуучубуздун чыгармалары аркылуу канчалаган муун тарбияланып келе жатат. Мен азыр ойлоп турам дүйнөлүк адабият, дүйнөлүк маданият өзүнүн ата түркүнөн ажырап отурат. Азыр анын “Тоолор кулаганда” деген романын экран бетине чыгарууга аракеттерди кылып жатабыз.

Филология илимдеринин доктору, профессор Абдылдажан Акматалиев Чыңгыз Айтматовдун атын Кыргызстандын борбору Бишкек шаарына ыйгаруу тууралуу сунушун кошумчалады:

- Эгерде шаарга агайдын атын берсек, бул дүйнөгө дагы бир жолу улуу адамды урматтай турганыбызды билдире алат элек. Ошондой эле дүйнөбүздү руханий борбор катары эсептеп калат элек.

Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Масалбек Шабданов Айтматовго арналган ырларын да окуп кетти:

Гүлсарат калды чабылбай,
Ташчайнар калды табылбай.
Оордунан турбай караңар,
Онтоло боздоп Танабай.


Эскерүү салтанатынын аягында Кара-Буура районунун акими Сартбек Эшалиев жергиликтүү депутаттар жакында Кара-Буура районунун борбору Кызыл-Адыр айылын шаар кылып “Чыңгыз” деп атоо тууралуу чечимин кабыл алганын элге кабарлады.

- Парламентке бердик. Президентибиз колдоп берсе, буюрса Чыңгыз шаары болуп калат.

Эскерүү салтанатынан дасторкондон даам сызган соң маркумдун арбагына багышталып куран окулду.
XS
SM
MD
LG