Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:21

14:51 Нарында И.Кадырбековду бошотуу талабы менен кол топтоо акциясы уланууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” демилгелүү топтун лидери Асыл Жаманова билдирди. Ал буга чейин жолдонгон кайрылууга жооп берүү өтүнүчү менен эртең Акыйкатчы Турсунбек Акунга расмий түрдө кайрылаарын айтты. “Эгерде биздин кайрылууларбызга эч кандай жооп болбосо, демилгелүү топтун мүчөлөрү ачкачылык жарыялаганга чейин барышат”, дейт А. Жаманова.
Буга чейин А.Жаманова кол топтоо 27-июлга чейин болоорун айтып, эгерде расмий тараптан эч кандай рекция болбосо ар кандай нааразылык чараларын уюштурабыз деп билдиришкен эле. 28-июлда Нарын райондук прокуратурасы А. Жамановага мыйзам бузуучулукту болтурбоо жөнүндө алдын ала эскертүү берген. Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып тагылып, май айында камакка алынган. (MSu)

XS
SM
MD
LG