Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:57

Жазгүл Жамангулова, Чүй Үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Жогорку кеңеш тарабынан 1916-жылдагы «Үркүндүн» курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө токтом кабыл алынган. Жума күнү Маданият министрлиги жана «Үй куруучулар» партиясынын демилгеси менен маркумдарды эскерүү иш чарасы уюштурулду. Андан сырткары Улуттук тарых музейинде жана Улуттук китепканада Үркүндү эскерүү көргөзмөcү ачылды.

Бул күнү чогулган эл «Үркүндүн» курмандыктарына арналган көргөзмөнү кыдырып, көрүп жатышты. Көргөзмөгө үркүнгө катышкандардын сүрөттөрү, кийим, буюмдары жана ашуудан чогултулган сөөктөрдү жыйноо маалындагы фото сүрөттөр, материалдар коюлган. Дээрлик кара түс менен жасалган Улуттук тарых музейинин бир бурчундагы көргөзмө, кайгылуу тартылган кыл кыяктын, чертилген муңдуу комуздун күүсүнө тунуп турду. Ал эми кара тактага жазылган бул маалымат көпчүлүктүн көңүлүн буруп, ошол каргашалуу окуядан кабар бергенсийт.

1916-жылы Туркстан калкынын алты пайызын тузгон орустарга иштетүүгө жарактуу жерлердин 57 пайызы берилип, ал эми калктын 94 пайызын түзгөн жергиликтүү элге 42, 3 пайызы гана калтырылган. Келген дыйкандар кыргыздарга жек көрүүчүлүк менен мамиле кылышкан жана башка жакка көчүп кетүүгө мажбулашкан. Көчүп келген орустар кыргыздын малдарын арзан баага баалап, аларды кемсинтип турушкан.

Адатта мындай маалыматты «Кыргызбыз», «Патриотпуз» деп көкүрөк койгулагандар окубай же билбей жүрөбү деген ой келет. Себеби жакшылап үңүлгөн адамга (кыргызга) бул өтө намыска тийген ачуу чындык болчу. Анан ушул өңдүү тарых чындыктары улуттук маселени да козгоп койбойбу, деген суроону бергендер да бар. Анткени эскерүү кечесине келген Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев чогулган элге мындай дегени бар.

- Бир учурда Германиянын өкмөтү бүтүн дүйнө элинен, экинчи дүйнөлүк согуш үчүн кечирим сураган. Азыр алардын жүзү жарык. Ал эми 1916-жылдагы Кыргызстанда болгон окуя үчүн Орусиянын өкмөтү бүгүн кыргыз элинен кечирим сураш керек. Үркүнгө байланыштуу Кыргыз парламенти токтом кабыл алганда, орустар чычалап кетишти. Бирок кечирим суроого да, кечиримди кабыл алганга да бүгүн эки мамлекет даяр эмес.

Белгилүү драматург Б. Жакиев андан аркы сөзүндө, тарыхты ушул күнгө чейин бурмалап келишти, бөтөнчө жаштар кырылган кыргыздардын арманын билбей калды деп кошумчалады. Ал эми «Үй куруучулар» партиясынын лидери, Жогорку Кеңеш депутаты Бейшен Абдырасаков:

«1916-жылдагы окуяны Үркүн деп айтпагыла, үрккөндөй кыргыз мал эмес. Биз ал күндү “кыргыз элинин улуттук боштондук үчүн күрөшү” деп аташыбыз керек. Биз 90 жыл курман болгондорду унутуп калдык, ал эми азыр аларга күн сайын куран түшүрүп туруубуз зарыл»,- деп сөз улады.

Андан ары чогулган эл Боом капчыгайын көздөй жөнөштү. Катар тигилген боз үйлөр, казандагы эт кадимки аш каадасын берип турду. «Үркүндүн» 90-жылдыгында коюлган Боомдогу эстеликтин жанында кайрадан эскерүү иш чарасы өтүп, шейит кеткен маркумдарга куран окулду.

Иш чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин улуттук көтөрүлүшүн чагылдырган тарыхый-этнографиялык борбордун долбоорунун макети да көрсөтүлдү. Скульптор Тайыр Медеровго таандык долбоордо Касымаалы Баялиновдун "Ажар" чыгармасы чагылдырылган. Башкача айтканда, “карышкырлардын ортосунда калган кыз аркылуу адамдардын жырткычтык мүнөзгө байланышкан чындыгын ачып берүү болду”, деп түшүндyрмө берди айкелчи.

Эми Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык жыл сайын август айынын биринчи жумасында Үркүндө курман болгондорду эскеруу иш чаралары уюштурулуп турат.
XS
SM
MD
LG