Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

ӨНҮГҮП КЕЛЕ ЖАТКАН ӨЛКӨЛӨР ДА ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАКТАН КУБАТТАНУУДА


Кубат Чекиров, Прага Дүйнөлүк сооданы либералдаштыруу боюнча өткөн аптада Женевада өткөн сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы натыйжасыз аяктады. Дүйнөлүк Соода Уюму сүрөөнчүлүк кылган бул сүйлөшүүлөр “Доха айлампасы” деп аталат, анткени Катардын боробор шаарында 7 жыл илгери дал ушул сүйлөшүүлөр айлампасы башталган болчу. Нью-Йорктогу Колумбия университетинин профессору, теги индиялык Арвинд Панагариянын айтымында, сүйлөшүүлөр бир катар өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин экономикалык кубаты кыйла жетилгенин айгинеледи. Профессор Панагария «Азаттыктын» Вашингтондогу кабарчысы Эндрю Талли менен «Доха айлампасынын» оош-кыйыш жактары тууралуу маектешкен.

- Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү фермерлердин турмушу маселеси Батыш өлкөлөрү менен өнүгүп бара жаткан мамлекеттердин ортосундагы талаш-тартыштын чордонуна айлангансыды. Бул талаштын чоо жайы эмнеде?

- Бул – дыйкан чарба ээлери тууралуу талаш болду. Ал түгүл Дүйнөлүк cоода уюмунун өнөр жай продуктулары жөнүндөгү эрежелери жергиликтүү өнөр жайдын өнүгүшүнө тоскоол болуп жаткан учурда импорттун тарифтик бааларын убактылуу көтөрүүгө жол берет. Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр болсо айыл чарбасында деле дал ушундай жобо киргизүүнү сурап атышат. Эгер биз айыл чарба базарларын ачсак, анда эптеп-септеп тирилигин өткөрүп келе жаткан майда барат дыйкан чарбаларга мунун таасири тийбей койбойт. Ошондуктан, маселе импорт көбөйүп кеткен учурда бул жерде кепилдик механизм керектигинде болуп жатат. Алар узак убакытка созулчу мыйзамдык жараянга кептелбестен туруп тарифтерди убактылуу көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берген кепилдиктин ар кандай түрүн, ар кандай усулдарды сурап жатышат.

- Мына ушундай кепилдиктердин натыйжасында Индия жана Кытай сыяктуу өнүгүп келаткан өлкөлөр Дүйнөлүк Соода Уюмунун алкагында башкаларга өз экономикалык таасирин майнаптуу тийгизе баштаганы айтылууда. Женевада да ушундай нерсе байкалдыбы?

- Бул жолку айлампада орчун өзгөрүү орун алды, анда эч шек жок. Уругвайдагы жолугушууга ( Дүйнөлүк Соода уюмунун 1994-жылы аяктаган сүйлөшүүлөр айлампасына) чейин АКШ, Европа Биримдиги, Жапония жана Канада кирген төртилтик өлкөлөр бар эле. Бул өлкөлөр өз ара тил табыша алчу да, башкаларга таттуу токоч менен таякты алмак салмак колдонуп таасир көрсөтүшчү. Эми бул жактагы кырдаал өзгөрүүдө. Эми өнүгүп келаткан өлкөлөр башкы кыймылдаткыч күч болуп калды. Кытай, Индия, Бразилия жана Түштүк Африка азыр негизги оюнчулардын сабына көтөрүлүштү. Мен аларды «Жаңы төртилтик» деп атап койдум.
Ошентип, эски замандагы теңдемечилик, албетте, өзгөрдү. Бул - Индия, Кытай менен Бразилиянын экономикалык кубаты күчөй түшкөнү үчүн гана өзгөрүп тим болгон жок. Алдыдагы 15-20 жылдан кийин алардын кубаты ого бетер ашып-ташаары күтүлүүдө. Ошентип, азыркы тапта АКШ менен Евробиримдиктин базарына жол табуу башкаларга кандай маанилүү болуп келсе, 10-15-жылдан кийин Индия, Кытай жана Бразилиянын базарына жол ачуу маселеси Европа Биримдиги жана АКШ үчүн ошондой эле маанилүү болуп калмакчы.

- Бразилия бир жагынан өнүгүп бараткан өлкө, бирок экинчи жагынан ал айрым учурда соода маселелеринде Батыш өлкөлөрүнө кошулуп кетүүдө. Деги кантип Бразилияны азиялык өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарында кеп кылуу алгылыктуу?

- Бразилия башкалардан бир аз айырмаланган өлкө, анткени анын айыл чарбасында экспорттук кызыкчылыктар бар. Ошондуктан ал, албетте, Европа Биримдигинин аймагында жана Кошмо штаттарда импорт тарифтерин төмөндөтүп, айыл чарбасында либерализация болушун каалайт. Анын кызыкчылыгы айыл-чарба продукциясын азыраак экспорттогон Индия менен Кытайдын кызыкчылыгынан саал айырмаланып турат. Алар айыл чарба продукциясын көп өндүргөн, бирок сырттан да айыл чарба продукциясын импорттогон өлкөлөр. Мына ушундай проблемалардан улам Батыш менен Бразилиянын кызыкчылыгы бири-бирине кайчы келет, бирок өнөр жай тармагында жана тейлөө тармагында Бразилия өнүккөн Батыш өлкөлөрү менен көбүрөөк тилектеш.

- Соңку жылдары Индиянын экономикасын ыкчам өнүктүрүүгө мүмкүндүк кылган жагдайлар жана себептер кайсылар?


- Мурдагы кезеңдерде Индиянын экономикасы өтө кубаттуу көзөмөл астында болгон. Сооданы өнүктүрүүгө олчойгон тоскоолдуктар болуп, баары лицензия алышы керек эле. Сырттан товардын ар кандай түрүн ташып кирүү үчүн сөзсүз түрдө лицензия алуу керек болчу. Ал түгүл, Сиз билесизби, импортко коюлган тарифтер болжол менен 160 пайызды түзөөр эле. Бул жагдайлар 1991-жылдарга чейин сакталды. Ушул сыяктуу эле сырттан инвестиция алып келүүгө да лицензия талап кылынган. Мына ушундай тоскоолдуктар 1991-жылкы реформалардын натыйжасында алынып салынды. Бул абдан чоң реформа болуп калды. Натыйжада каржы тармагында, телебайланыш тармагында, инфраструктураны калыптандырууда комплекстүү реформалар жүзөгө ашырылып, аба жолдору тармагында мамлекеттик көзөмөл жоюлган болчу. Менимче, дал ушул чаралар Индиядагы соңку учурлардагы экономикалык өнүгүүнү шарттап берди.

XS
SM
MD
LG