Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

10:10 Темир Сариев: Кымбатчылыктан, коррупциядан жана бир колго топтолгон бийликтен элдин чыдамы түгөнөт


Бийликтин саясаттан ишке өткөндүгүн айтып, элдин саясаттан тажады дегени туура эмес, дейт “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев “Азаттыктын” кабарчысына айткан сөзүндө. Анын айтуусунда өткөн жылы мыйзам бузуучулук менен жеңишке жетишкен бийликтин “Ак Жол” партиясы өлкөнүн бардык башкаруу бутактарын колуна алып, элдин ишеничинен чыгып баратат. Темир Сариев эгер ушундай абал улана берсе, элдин чыдамы түгөнүшү турган иш. Кымбатчылыктан, коррупциядан, бир колго топтолгон бийликтен жадаган эл көчөгө чыкса, “Ак шумкар” партиясы аларга кошулуп, нааразычылык иш-чараларын уюштурууга даяр, деп эсептейт.
Айрым саясат талдоочулардын белгилөөсү боюнча азыркы бийлик акыркы эки жылдан бери демократиялык жолдон тайып баратат, бул – өз кезегинде Кыргызстандын башка коңшуларына окшоп, авторитаризмдин чеңгелинде калуу коркунучуна алып келүүсү ыктымал.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG