Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:56

О. ИБРАИМОВ: ДҮЙНӨЛҮК АДАБИЯТТА СОЛЖЕНИЦЫНДЫН УНИКАЛДУУ ОРДУ БАР


Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек Орусиялык жазуучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Александр Солженицын дүйнөдөн өттү. Жазуучу тууралуу ойлору менен “Азаттыктын” таңкы түз обосунда коомдук ишмер, адабият таануучу Осмонакун Ибраимов бөлүштү.

Азаттык: Осмонакун мырза, Александр Солженицын менен жолугушкан учуруңуз болду беле?

О. Ибраимов: Жок. Эч качан жолуккан эмесмин.

Азаттык: Солженицын дүйнөдөн өттү деген кабарды укканда биринчи кезекте жазуучуга байланыштуу кандай ой келди сизге?

О. Ибраимов: Биринчи кезекте мага “ал бактылуу адам экен” деген ой келди. Согушка катышып, түрмөгө түшүп, ГУЛАГга жатып, лагерлерде жатып, анан жазуучулук жолун баштап, чет өлкөгө кетип, акыры рак оорусу менен да ооруп анын ортосунда, андан айыгып, өзүнүн өзгөчө күчү менен, Америкада жүрүп Нобель сыйлыгын алып, кайра өзүнүн мекенине келип, мына 90 жаш курагында каза тапкан экен. Бактылуу киши экен. Ал эми адабий мурасы...

Азаттык: Дал ошол адабий мурасы менен кошо дүйнөлүк адабияттагы орду кандай деген суроону бергим келип турду эле...

О. Ибраимов: Дүйнөлүк адабияттагы орду уникалдуу деп айтсак болот. Анын биринчи себеби, бул киши алдына бир эле чоң максат коюп, ошол максаттын алдында иштеди да. Бул Советтер Союзу деген чоң империяга каршы туруп, анын ички-тышкы саясатына каршы туруп, анан Ленин башында турган большевиктердин ар кандай жолдор менен бийликти басып алуусун, Советтер Союзун сындап отуруп бу кишинин өмүрү өттү.

Азаттык: Солженицын Сталиндик режимге каршы катуу акаарат кылган инсандардын бири өзүңүз айткандай. Айтылуу “Ахипелаг ГУЛАГ”, мисалы. Ошол эле мезгилде Солженицында улутчулдук маанай бар деп да сындап жүргөндөр болду эле. Маселен, бир жылдары Казакстандын айрым аймактарын Орусияга өткөрүү демилгесин да көтөргөнү бар...

О. Ибраимов: Орустардын, орус интеллигенциясынын арасында Москвада, Ленинградда өтө чоң эмес бир саясатчылардын, интеллигенциянын чөйрөсү бар эле. Булар ушинтип ойлошчу: Орто Азия менен Казакстандан, анан Кавказдын айрым бир мамлекеттеринен кутулсак мойнубузда турган оор жүктөн кутулат элек дагы, Орусиянын толуп аткан байлыктарын өзүбүз колдонуп, жакшы жашап кетет элек деген буларда идея бар болчу. Ельцинде да бар болчу.

О. Ибраимов: Бу Александр Исаевич Солженыцин Казакстанды же бизди жек көргөндөн эмес, Казакстанды бөлүп алсак, дүйнөдөгү эң бай мамлекет болот эле деген түшүнүктөн келип чыккан. Казакстандын айрым облустарын Россияга кошуш керек деген сөздөрдү Солженицын Советтер Союзу талкаланганга чейин айткан. Казакстан менен Орто Азиядан кутулсак бактылуу болот элек деп да айткан. Балким бул кишинин айтканы туура эле болгон. Эми тарых көрсөттү, Орто Азия менен Казакстандан кутулушту, Советтер Союзу талкаланды. Азыр карап көрсөк Советтер Союзу ошол калыбында жашашы туура эле болгон экен. Советтер Союзу согушу жок, өлүм-житими жок, чоң трагедиялары жок бөлүнүп-бөлүнүп кеттик. Ошонун арасында биздин кыргыз эли да бактылуу эл экен.


Cүрөт: www.gazeta.ru интернет булагынан алынды
XS
SM
MD
LG