Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

4-АВГУСТ: «ТАРЫХ БАРАКТАРЫ»


1825-жылдын бу күнү Алгазы Шераалы уулу, Акымбек Олжобай сыяктуу кыргыз бийлеринин мөөрү басылган кат Батыш Сибирь генерал-губернаторуна жолдонгон. 1825-жылы Кыргызстанга келген саякатчы Ф. К. Зибберштейн Сан-Таштан Соң-Көлгө чейин кыргыздардын бугу уруусу жердей турганын жазган.

Алгазы Шераалы уулу, Акымбек Олжобай сыяктуу кыргыз бийлеринин мөөрү басылган кат 1825-жылдын бул күнү Батыш Сибирь генерал-губернаторуна жолдонгон. Кыргыз уруу башчылары мындагы абал жана орус бийлигинен күтүлүп аткан урмат-сый белектердин чоо-жайын сурашкан.

1825-жылы Кыргызстанга келген саякатчы Ф. К. Зибберштейн Сан-Таштан Соң-Көлгө чейинки аймакта кыргыздардын бугу уруусу жердей турганын жазган. Анын 4-август менен белгиленген күндөлүгүндө бугу уруусу белек, арык, желдең жана кыдык болуп төрткө бөлүнөөрү айтылат. Ал убакта белекти Шераалы, арык тукумун Олжобай, желдеңдерди Жапалак, кыдык балдарын Өмкө бийлер башкарган. Саякатчы бугу уруусунун жердеген аймагын жана анда канча түтүн адам жашай тургандыгын тизмектей кабарлаган.

Түркстан аскер округунун командачысы К. П. Кауфман 1875-жылдын 4-августунда Кокон ханы Насреддинге кат жолдогон. Катта генерал аны Кокон ханы экендигин расмий түрдө таанып, эки тарап ортосундагы эски келишимди жандандыруу сунушу айтылат.

Кыргыз атчандар дивизиясынын эки эскадрону 1930-жылдын 4-августунда Ош шаарына келген. Кызыл аскерлерге Ажык ашуусуна бекинген басмачылар отрядын талкалоо милдети жүктөлгөн. Ушул эле күнү алар Сады кыштагы аркылуу Жалпак Таш капчыгайына өтүп, Кабак ашуусуна келишкен.

Коллективдүү коопсуздук келишиминин алкагында Кыргызстанда өткөн аскердик машыгуулар 2004-жылдын 4-августунда башталган. Аскер күчтөрүнүн сыноосуна Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Беларуссиянын куралдуу күчтөрү катышып, анын жүрүшүнө ал өлкөлөрдүн коргоо министрлери байкоо салышкан.

Бул күнү буга чейин Римден куулган Цицеронго б. з. ч. 57-жылы кайтып келүүгө уруксат берилип, 1662-жылы Москва шаарындагы тыйын акча тартыштыгынан «медный бунт» башталып, 1704-жылы англис флоту Гибралтар кысыгын ээлеп, Филипп Эстли Лондон шаарында дүйнөдөгү биринчи циркти ачып, 1836-жылы Москва Кремлинде Царь-колокол орнотулуп, 1991-жылы СССР президенти М. С. Горбачев Фороско эс алууга келип, 1710-жылы немец физиги Иоганн Леман, 1910-жылы композитор Вильям Шуман, 1929-жылы Палестина Боштондук кыймылынын лидери Ясер Арафат жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG