Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

Т. БАКИР УУЛУ: “БАЛЫК БАШЫНАН САСЫЙТ” ДЕГЕН, АНЫН КУЙРУГУН ЭМЕС БАШЫН ТАЗАЛАШ КЕРЕК


Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек “ЭрК” партиясынын лидери, Кыргызстандын биринчи акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөштүн күңгөй-тескейи тууралуу “Азаттыктын” таңкы түз обосунда маек курду.

“Азаттык”: Мына өзүңүз уккандай, Кочкор-Атадагы “Кыргыз мунайгаздын” мурдагы директору мамлекеттик мүлктү дайынсыз жоготкон деп сот жообуна тартылды. Курулуш агенттигинин башчысы Ишенбай Кадырбеков кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп камакта отурат. Кызмат абалына байланыштуу иши тергелип жаткандарды санасак дагы бир топ болот. Мына ушундай көрүнүштөрдү бийликтин коррупцияга каршы билек түрүп күрөшө баштаганы катары баалоого болобу?

Т. Бакир уулу: Кыргыз эли - даанышман эл. Макал-лакаптарды карап көрсөк көп суроолорго жооп табабыз. “Адалсынган молдонун үйүнөн жети камандын башы чыккан” деген кыргыздын макалы бар. Эгер чыныгы күрөш болсо, анда Кыргызстандын турмушу өзгөрүлүш керек эле. Бир эле аты аталган адамдар эмес, Ак үйдүн жетинчи кабатында отурган адамдар жоопкерчиликке тартылыш керек эле. Бирок Акаев, Бакиев мезгилинде туңгуч акыйкатчы болуп иштедим. Бүт түрмөлөрдү, милицияканаларды кыдырып чыктым, бир дагы чоң коррупционерди түрмөдөн көргөн жокмун. Эмне үчүн? Себеби көрсөтмө үчүн ушундай күрөштөр башталып, анан сотко келгенде акталып кетет, же болбосо туура эмес тергөө жүрүптүр деп туруп, кайра бийлик өзүнүн акыйкатсыз аракеттерин жасайт. Ошондуктан бүгүнкү күнү мамлекет, же бийлик коррупция менен күрөшүп атат деген сөздөн алысмын. Себеби ыймансыз коомдо, экинчиден мыйзамсыз, шайлоону бурмалоо менен түзүлгөн бийликте эч качан коррупция менен күрөшүү деген чын аракет болбойт. Мына шайлоо мезгилинен баштап президенттик болобу, парламенттик шайлоо болобу бийлик өзү коррупцияны көрсөтүп туруп элди сатып алат. Ошондуктан бийликти эле күнөөлү десек болбойт, бул жерде элдин өзүнүн да күнөөсү бар.

“Азаттык”: Азыр бийлик коррупцияга каршы күрөштү чыңдоо маселесин байма-бай айтып атат. Кечээ жакында Коррупциянын алдын алуу агенттигинин комиссары менен жолугушууда да президент Бакиев ушул маселеге кайрылып, өзгөчө бийликтин төмөнкү бутактарында, мектептерде ушундай жагдайды жөнгө салуу зарыл деди.

Т. Бакир уулу: Элди алдоо үчүн, же болбосо бийлик жөнүндө калп пикир түзүү үчүн ар бир бийлик коррупция менен күрөшүп атам деп биринчи кезекте мугалимдерди, дарыгерлерди абакка алат. Бул Акаев мезгилинде да бар эле. Баланча дарыгер операцияга ушунча акча алыптыр, же болбосо баланча мугалим экзаменде ушунча акча лыптыр деп. Бирок коррупция негизинен качан тазаланат? Эгерде жогорку эшалондон, жогорку даражадагы кызматкерлерден башталса. Горбачевдун катасы ушундай эле, кайра курууну биз ар бир жумушчудан башташыбыз керек. Жумушчу дыйкандарды өзгөртүш керек, алар бийликти карап турат деген негизде болгон. Бүгүнкү күндө эң өкүнүчтүүсү президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш баш болуп туруп мыйзамдарды сыйлабай, ага баш ийбесе, эл да мыйзамдарды бузат экен да. Ошондуктан жакшы макал бар “балык башынан сасыйт” деген, ошол балыктын башын тазалаш керек, куйругун эмес.

“Азаттык”: Коррупцияга каршы күрөштүн кандай жолун айта аласыз?

Т. Бакир уулу: Биринчи кезекте кадрдык маселени коюп атканда ачык, таза болуш керек. Бүгүнкү күндө президент өзү жалгыз киши менен кеңешпей адамды кызматка коюп, эки-үч айдан кийин кайра алып салып атат. Бакиев мезгилинде бизде ката кетти, айыл өкмөттөрдү шайлабай дайындайбыз деген. Бирок Акаев мезгилинде бул маселе туура чечилген эле, эл өзү шайласын айыл өкмөттөрдү деп. Айыл өкмөттөр таза шайлангандан кийин бийлик да тазаланат эле. Эң өкүнүчтүү жалгыз адам өзү чечип атат. Экинчиден, паракордук көбөйүп кетти. Аны бүгүнкү күнү ар бир адам далилдесе болот. Көчөгө чыгып ар биринен сураңыз, бир маселе да акчасыз чечилбейт азыр. Ошондуктан Кыргызстанда миграция көбөйүп, чет жака көбү кетип, Орусиянын, Казакстандын жарандыктарын алып атышат.

“Азаттык”: Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG