Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:09

17:30 Индиялык ишкерлер тобу Нарын облусуна келишти


Бүгүн индиялык “Испат индастрис ЛТД” аттуу компаниянын өкүлдөрү Нарын жергесине келишти. Промот Митта жетектеген ишкерлер тобу “Нарын” эркин экономикалык аймагынын кеңсесинде облус губернатору Өмүрбек Субаналиев менен маалымат алмашуусу болуп өттү. Нарын районунун аймагына курулушу болжолдонуп жаткан кичи суу электр түйүнүнүн салына турган жерин көрүштү. Губернатордун маалымат катчысы Айнура Темирова индиялык “Испат индастрис ЛТД” компаниясы менен Нарын облустук администрациясынын ортосунда кызматташтык меморандумга кол коюу ишке ашырылгандыгын жана индиялык компания жалпысы 3 млрд. 350 млн. доллар өлчөмүндө инвестиция салым кошоорун билдирди. (KUs)

XS
SM
MD
LG