Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

Бүгүн ооган президенти Хамид Карзайдын Индияга иш сапары башталды


Сапары учурунда Ооганстандын лидери Индиянын президенти Пратибха Патил айым жана өкмөт башчы Манмохан Сингх менен жолугушары күтүлүүдө. Тараптар Ооганстандагы индиялык жумушчулардын коопсуздугу, террорчулук менен күрөшүү өңдүү маселелерди талкуулашмакчы. Эске сала кетсек, 7-июлда Кабулдагы Индиянын элчилигиндеги бомбанын жарылуусунан 58 адам набыт болгон. Индия жана ооган бийлиги бул террорчулукту ишке ашырган жоочулар Пакистандын чалгын кызматы менен байланышта болгон деп шектенип келет, Исламабад бул шекти төгүнгө чыгарууда.

XS
SM
MD
LG