Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Шинжаң-Уйгур автоном районунда 16 адам набыт болду


Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң-Уйгур автоном районунда полиция бекетине кол салуудан бери дегенде 16 адам набыт болду. Бул тууралуу өлкөнүн Синхуа маалымат агенттиги кабарлады. Ага ылайык, белгисиз эки адам жүк ташуучу унаа менен полиция бекетине кирип келип, эки граната ыргытып, жүгүрүп келген полициячыларга бычак менен кол салган. Экөө тең Кашгар шаарында камакка алынды. Кытай бийлиги буга чейин бир нече ирээт бул аймакта “Чыгыш Түркстан Исламдык кыймылы” аттуу мыйзамсыз топ террордук чабуулга камынып жатканын эскертип келген.

XS
SM
MD
LG