Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

10:25 Азия өнүгүү банкы Кыргызстандын бюджетине кошумча 5 млн. АКШ долларын бөлөт


Азия өнүгүү банкы мурдараак Кыргызстан үчүн баш аягы 10 миллион АКШ долларын бөлүү ниетин билдирген. Бул каражаттын 7,5 миллиону өлкөнүн бюджетин колдоого берилмек. Ал эми калган 2,5 миллиону болсо инвестициялык иш-чараларга жумшалмак. Учурдагы азык-түлүк киризисин эске алуу менен аталган банк эми Кыргызстан үчүн финансылык жардамын көбөйтүү чечимине келди. Бул тууралуу кечээ Азия өнүгүү банкынын Сон Шрест башында турган миссиясы Каржы министри менен болгон жолугушууда билдирди. Өз кезегинде Каржы министри Тажикан Калимбетова бөлүнө турчу каражатты Азык-түлүк коопсуздугу боюнча ачылган улуттук эсепке которуу сунушун айтты. Министрдин айтымында президенттин көрсөтмөсү менен жакында өлкөдө азык-түлүк корпорациясы менен Азык-түлүк коопсуздугу боюнча улуттук эсеп ачылат. (EK)

XS
SM
MD
LG