Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Ж. САТЫБАЛДИЕВ: ТЫШКЫ КАРЫЗДАР БОЮНЧА ТАК МААЛЫМАТ ЖОК


Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек Кыргызстандын тышкы карызы жана аны төлөө жолдору тууралуу“Азаттыктын” таңкы түз ободогу маегине Саясий жана коомдук ишмер, “КАТЕЛ” компаниясынын башкы директору Жантөрө Сатыбалдиев катышкан.

“Азаттык”: Жантөрө мырза, сиз деле маалымдар чыгаарсыз, тышкы карыздан кутулуу боюнча элдик эсепке былтыртан бери 347 мин сомдон ашык акча чогулганын каржы министрлиги жарыялабадыбы. Тышкы карыз болсо азыр 2 млрд. доллардан (73 млрд сомдон ашык) ашып турат. Ушундай жагдайда ошол элдик эсеп тышкы карызды жеңилдетүүгө канчалык огожо болуп бере алат?

Ж. Сатыбалдиев: Эми тышкы карыз боюнча иштөө Кыргызстандын ар бир жаранынын, мамлекет, өкмөт башчыларынын, каржы министрлигинин азыркы убактагы негизги иши болушу керек. Элдик жыйым менен эле бул маселе чечилиши өтө оор, бирок, бул - бир жолу. Бул элге жетиш үчүн так маалыматтар жок экендиги сизге дагы, мага дагы белгилүү. Тышкы карыздардын структурасы бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Кайсы жакка, кайсы багытка алынган?

Эми эгемендик жылдарынын башында бюджеттин тартыштыгына байланыштуу көп карыздар ошо бюджетти туруктуу кармоо үчүн алынган каражаттардан турат. Кийинчерээк 1995, 1997, 2000-жылдары алынган карыздар – долбоордук негиздеги карыздар. Алар инфраструктурага, коммуникацияга, мектептердин ахыбалын жакшыртууга, китеп чыгарууга алынган карыздар, мен билген жагы. Билбеген жактары да бар. Ошондуктан, мен ойлойм, каржы министрлиги элге жеткириш үчүн, туура багыт алып барыш үчүн карыздар кайсы багытта сарпталгандыгын ачыктаса карапайым элге түшүнүктүү болот эле. Дүйнө жүзүндө бардык мамлекеттер карыз алып, ошонун эсебинен өнүгөт. Ошол эле бүгүн дүркүрөп өнүгүп аткан Чоң сегиздиктин катарындагы Жапония 90-жылдары гана тышкы карыздан кутулду.

“Азаттык”: Сиз карыздар боюнча ачык-айкындык болбой жатат деп атпайсызбы. Ошол эле учурда өкмөт карыздан кутулуу үчүн экономикалык катаал саясат жүргүзүүнү, салыктарды көбөйтүүнү, менчиктештирүүнү айтып жатат. Сиз кандай мүмкүнчүлүктөрдү айтат элеңиз карыздан кутулуу боюнча?

Ж. Сатыбалдиев: Туура, чыгымдарды толук кыскартышыбыз керек. Эч кандай бюджет аркылуу чоң мааракелерди, майрамдарды мамлекеттик деңгээлде да, жеригилктүү бийлик деңгээлинде өткөрбөө, чыгымдарга жол бербөө керек. Биринчиден, биз карызыбыз бар экенин дайыма эстешибиз керек. Экинчиден, экономикада чукул чараларды кабыл алышыбыз керек.

“Азаттык”: Кандай чаралар дейсиз?

Ж. Сатыбалдиев: Инфляцияга каршы иштешибиз керек. Ал үчүн дагы эле чыгымдарды азайтышыбыз керек. Экинчиден, алынган инвестицияларды натыйжалуу жолдоруна салышыбыз керек. Бизге тез арада пайда алып келе турган долбоорлорго салышыбыз керек. Биз тоо-кен иштетүү, чалгындоо деп лицензия бербей, чалгындоону бүтүрүп туруп, кендерди сатышыбыз керек.

“Азаттык”: Менчиктештирилип жаткан энергетика тармактары карыздарга кетет деп ойлобойсузбу?

Ж. Сатыбалдиев: Эми менчиктештирүү – энергетика тармагын тартипке салуунун бир жолу. Кандай деңгээлде менчиктештирүү болот? Аны убакыт көрсөтөт. Экономисттер азыр эсептеп чыга элек да. Баасы кандай болот? Кандай шартта сатылат? Ошол эле мезгилде элге кандай жол менен жетет? Бул маселелер азыр ачык бойдон турат.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат, Жантөрө мырза

XS
SM
MD
LG