Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:34
Бүтүндөй өлкөнү энергетикалык кризиске салып берген күнөөкөрлөр ким экендигин Кыргыз өкмөтү атап койгонго да аракет кылган жок. Өнөржай жана отун ресурстар министри С. Балкыбеков жарыкты өчүрүп үнөмдөөдөн башка айла жо экендигин айтса, “Түндүкэлектр” АКнын баш деректири Т. Раимжанов электрэнергиясын тушкелди коромжу кылып аткандар карапайым калк экендигине ишендиргиси келип, ошон үчүн жарыкты өчүрүүнү сунуштаганын, ал эми Экономика жана соода министри А. Жапаров тескерисинче өчүрбөш керектигин, анткени бүгүн өлкөнүн ички дүң продукциясынын 40 пайызын дал ошол светтин жардамы менен кичи жана орто ишкерлик камсыз кылып атканын, Билим берүү жана илим министри И. Болжурова ар кандай радикалдуу чараларга макул болорун, демек республика боюнча электр энергиясы менен жылытылып келген 810 орто мектепте кышкы каникул узарын билдирсе, Юстиция министри М. Кайыпов Токтогул суу сактагычында суу уурдалып жатат деп жергиликтүү эл өзү айтып жатканын, Жалал-Абад дубанынын айрым тургундары суу сактагычтагы суунун кечиндеги деңгээли бир башка, эртең мененки деңгээли бир башка болуп калганын байкашканын, энергетиктердин сууну легалсыз жол менен уурдоо мүмкүн эмес дегени министрди ишендирбегенин, Бишкек мэри Н. Түлеев “Түндүкэлектронун” бардык контролерлорун кызматтан айдап, алардын ордуна кадимки эле студенттерден койсо тармак бир айдын ичинде тартипке салынарын айтканын, жыйындын аягында өкмөт башчысы И. Чудинов биринчи кезекте сауналар менен кафелер, особняктар көмүр менен жылытканга ылайыкталышы зарылдыгын, кокус тааныш-билиш же акча бере койуу жолу менен жарыкты туташтырып алгандар болсо аларга аяоо жоктугун, ошентип электр энегриясынын чыгымын 10 пайызга чейин төмөндөтүүнү, эгер бул талаптар аткарылбаса декабрда сурак катуу болорун эскерткенин бүгүн жарык көргөн “МСН” гезити баяндады.

Ушул эле гезит Кыргызстан өзүн өзү нан менен 57, кант менен 43 пайыз араң камсыз кыларын, өлкөнүн мындай азык-түлүк кризисинин сазына батуусун өкмөт дүйнөлүк кризис менен түшүндүрүп келатканын, бирок Азиат өнүктүрүү банкынын вице-президенти Цзинь Лицюнь мырза Кыргызстандын айлылчарбасы зо мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин, эгер жакшылап иштетсе өз элин эле багып тим болбостон өзгөлөрдү да багарын, ал үчүн мамлекет кандай иштерди жасашы керектигин айтып бергенин жазып чыкты.

“Эркин тоо” гезити 1-бетине 1999-жылдын 29-августунда Чоң Алайдын Кара Тейит айылына бомба таштаган өзбек сомолетунун айынан жарадар болуп, 2-топтогу майып болуп калган Бүбүсайкал Маширапованын президентке, коргоо министрине, саламаттык сактоо жана эмгек министрлерине кайрылган каты жарыяланды. Кат ээси өткөн жылы Курманбек Бакиев ага жер участогу бөлүнүп берилсин деп катына кол коюп берсе дагы ал эмгиче аткарылбаганын, өзү 24 жашта экендигин баяндаган.

“Кыргыз туусу” гезити Казак өкмөтү казак тилин өнүктүрүү үчүн быйылкы жылга 12 млрд. теңге бөлгөнүн, казак президенти Нурсултан Назарбаев калкка кайрылуусунда казактар казактар менен казакча сүйлөшсүн, ошондо гана мамлекеттик тилдин мартабасы үстөм болот деп айтканын каңкуулады.

Гезиттин акыркы бетине кинорежиссер Т.Бирназаровдун “Кыргыз киносу-улуттук идеолгиянын күзгүсү” деп аталган интервьюсу жарыяланды. Режиссеер анысында акыркы 15 жыл ичинде кыргыздын карапайым калкынын чөнтөгүнөн 10 млн. сомго жакын каражат алынып, ага жалаң орус тилиндеги кинолор тартылып, орус тилдүү элге тартууланганын, муну ал эки жүздүүлүк жана алдамчылык деп санаарын, өткөндө интернеттен “бараны, говорите на своем языке!” деген сөздү окуп калганын, күйгөнү кыргыздын айрым чалдары кыргздын каада-салты менен тарыхын билбестигин айтып күйгөн.

Бүгүн Үй куруучулар партиясынын “Үй куруучу” деп аталган гезитинин 11-саны жарыкка чыкты. Гезит толугу менен 1916-жылдагы Кыргыз элинин улуттук боштондук үчүн көтөрүлүшүнүн курмандыктарын эскерүү күнүнө арналган.
XS
SM
MD
LG