Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

АЛ СОВЕТТИК АДАМДАРДЫН ТУРМУШУН ӨЗ АБИЙИРИНЕ КОЮП ЖАЗГАН


3-августта орус жазуучусу, дүйнөлүк Нобель сыйлыгынын ээси Александр Солженицын дүйнөдөн өттү. Алп жазуучунун чыгармачылыгынын башкы өзгөчөлүгү – советтик тоталитардык түзүлүштүн көлөкө жактарын жалпы коомчулукка бурмалабай алып чыккандыгында болгон.

Александр Солженицын 1918-жылы 11-декабрда Орусиянын Кисловодск шаарында казактын үй-бүлөсүндө туулган. Ал Ростов-на-Донудагы университеттин физика-математика факультетин жана Москвадагы философия жана адабият институттарын аяктаган. Согушка катышып, эрдиги үчүн орден-медалдарга ээ болуп, бирок 1945-жылы Сталинди сындагандыгы үчүн 8 жылга камалган.
Айрыкча мына ушул түрмөдө өткөн жылдар анын болочок чыгармаларынын жаралышына шарт түзгөн.

Александар Солженицындын дүйнөлүк Нобель сыйлыгын алышына да – жазуучунун өз чыгармаларында советтик коомду сынга алгандыгы себеп болгон деген пикирин билдирди белгилүү акын, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сүйөркул Тургунбаев:

Александр Солженицын социалисттик реализмдин идеяларын сындап жазганы үчүн Кремлден куугунтук жеген. Ошол социалисттик реализмдин көлөкө жактарын чагылдырган “Иван Денисовичтин бир күнү” повести үчүн Нобель сыйлыгын алган.

1962-жылдан тарта Александр Солженицындын чыгармалары чет өлкөлөрдөн басылып чыга баштайт. “Иван Денисовичтин бир күнү”, “Кызыл дөңгөлөк”, “Архипелаг ГУЛАГ” чыгармаларынын жазылышы менен Александр Солженицын Советтер союзунан куулуп, союздун ыдырашына чейин Германияда, АКШда жашайт. “Анын чыгармачылык өмүрү калп менен күрөшүп өттү” деп баа беришет замандаштары.

Белгилүү окумуштуу, философия илимдеринин доктору Жамгырбек Бөкөшевдин пикиринде, Александр Солженицын орус адабияты менен маданияты үчүн гана эмгек көрсөтпөй, жалпы цивилизациячыл өнүгүшкө салым кошкон инсан:

Александр Солженицын ХХ кылымдагы улуу жазуучулардын катарына кирет. Ал советтик түзүлүштүн көмүскө жактарын – репрессияны, түрмөлөрдөгү турмушту, советтик адамдардын турмушун өз абийирине коюп жазган жазуучу. Солженицын бүгүнкү жаңы замандын келишине, мурдагы тоталитардык түзүлүштүн кулашына салым кошкон жазуучу.
XS
SM
MD
LG