Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

13:58 Ысык-Көл аймагына кирүү үчүн 1-августан тарта эко-талондор киргизилди


Транспорт каражаттарына эко-талондор үч номиналда киргизилди. Жеңил автоууна же мотоцикл менен көл аймагына кирем деген эс алуучулар үчүн эко-талондор 50 сом турат. Автобус, жүк ташуучу машинелерге каралган эко-талондордун баасы 100 сомду түзөт. Ал эми чет элдик жарандарга тийиштүү транспорттук каражаттар үчүн эко-талондор 500гө сатылат. Эс алуучуларга карата жаңы тартип Ысык-Көл биосферасына кам көрүү ирээтинде киргизилди. Эко-талондорду ишке киргизүү үчүн Жаратылышты коргоо жана токой чарбачылыгы боюнча агенттиги жоопкерчилик алды. (EK)

XS
SM
MD
LG