Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:05

Грузиядагы Түштүк Осетияда жакында грузин аскерлери менен атышуулардан кийин согуш башталып кетиши мүмкүн экендиги тууралуу коркунуч бар экени тууралуу көп айтыла баштады. Түштүк осетин бийликтери азырга чейин Цхинвалиден жаш балдар менен аялдарды Орусиянын Түндүк Осетиясына көчүрүүнү улантып жатышат. Акыркы апталардагы атышуулар эмнеден кабар берет? Грузия менен анын аймагындагы республика ортосунда конфликтти чечүүгө жаатташкан тараптар өздөрү кандай мамиледе? “Эркин Европа/Азаттыктын” аналитиги Лиз Фуллердин макаласынын маани мазмуну мына ушул суроолорду чечмелейт.

- Акыркы төрт жума бою эл аралык ортомчулар Абхаз конфлигин жөнгө салууга аракет кылып жатышкан кезде эки тараптуу атышуулардан Грузиянын эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Түштүк Осетия республикасында кеминде сегиз адам окко учту, - дейт “Азаттыктын” аналитиги Лиз Фуллер.

– Тбилисиге маселени чечүү үчүн Москвада талкуу өткөрүү жана конфликт аймагында орус-осетин аскерлеринин санын көбөйтүү сунуш этилген болчу. Бирок Грузия бул эки сунушту тең четке какты”

15-16-июнь күндөрү грузин аскер күчтөрү Түштүк Осетиянын баш калаасы Цхинвалиге койгон чабуулду жергиликтүү расмий өкүлдөрдүн бири “2004-жылдан берки эң оор чабуул” деп атады. Мына ушундай эле чабуул июлдун 3-4 күндөрү да кайталанып, анда эки адам өлүп, алтоосу жаракат алганы кабарланды. Ал эми 1-2-август күндөрү катталган атышуулар учурунда 6 осетин мерт кеткен, 15 тен 20га жакын адам жарадар болду. Түштүк осетиялык бийликтер жаш балдар менен аялдарды, кары-картаңдарды Цхинвалиден Түндүк Осетияга көчүрө башташты.

Бул аймакта мезгил-мелгили менен болуп турган атышуулар - кеңири жайылган туруксуздуктун бир гана өңүтү. Грузиялык жана түштүк осетиялык күчтөр утуру каршылаш тараптын өкүлдөрүн кармап алышат да, узак убакытка боштондукка чыгарбай туруп алышат. Мисалы, 7-8-июль күндөрү осетиндер төрт грузин кызматкерин кармап алышкан. Аларды бошотуу үчүн атышууларга грузиндер даярданбасын дегендей белги менен 8-июль күнү орус аскер учактары Түштүк Осетиядан учуп өтүшөт.

Цхинвалиде көп эле террор актылары да болду. Адатта түштүк осетин жетекчилиги аларды Грузиянын атайын кызматтары уюштурган деп чыгышат. Ал эми учурда айрым грузиялык байкоочулар андай окуяларды осетин мафиясынын эле чыры дешет.

Грузин президенти Михаил Саакашвили тарабынан грузин өкмөтүнүн жетекчилигиндеги Түштүк Осетия убактылуу өкмөтүнүн жетекчиси катары 2007-жылы дайындалган Дмитрий Санакоев жакында өзүн опурталдуу окуядан араң куткарып калды. Анын автоколоннасы жолдо баратып, минага кабылат. Анысы аз келгенсип, туш тарабынан октор атыла баштайт, бирок ал өзү эч жабыр тартпаптыр.

Түштүк Осетиянын өзүнүн саясий истеблишменти “ичинен иригени” тууралуу да айтылып жүрөт. Грузиялык эксперт Мамука Арешидзе 28-июлда “Мтели квира” гезитине айтканына караганда, республиканын президенти Эдуард Кокойты менен Ички иштер мнистри Михаил Миндзаев, андан сырткары, жалпы эле саясий жетекчилик менен Биргелешкен аскер күчтөрүн башкарып аткан генерал-майор Мурат Кулахметовдун ортосунда пикир келишпестиктер көп. Мисалы, президент дал ушул Кулахметовду июлдун башында “грузин күчтөрүнүн чабуулунун мизин кайтара албадың” деп айыптаганы бар.

Э.Кокойты өзү конфликтти чечүү тууралуу маселеде азырга чейин Москванын эле көзүн карап турат. Түштүк Осетиянын жетекчилиги 22-июлда Брюсселде өтүшү белгиленген сүйлөшүүлөргө келүүдөн баш тартты. Ал сүйлөшүүлөргө грузин жана орус тараптар да катышмак. Муну түштүк осетин өкмөтү, биринчиден, грузин тарап министрдин деңгээлинде гана катышып жатканы жана, экинчиден, сүйлөшүүлөргө Түндүк Осетия чакырылбаганы менен түшүндүрдү.

- 3-августта орус маалымат каражаттарынын суроолоруна жооп берген грузин Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Түштүк Осетия менен чектеш жерлерде грузин аскерлеринин саны көбөйтүлүп да жаткан жок, башка аракеттер жүргөн жок деди. Бирок эки тараптуу оор алакаларда чыңалууну андан бетер ашырып, сүйлөшүүлөрдө бири-бирине такыр эле макул болбогудай шарттарды коюп, акыркы апталарда бири-бирине аскерий муштумун көрсөтүүгө аракет кылып жатышканы кырдаал өтө чоң согуштук абалга айланып кетиши ажеп эмес экенин көрсөттү, - дейт “Азаттыктын” аналитиги Лиз Фуллер.

Анын аралыгында, 3-август күнү Абхазиянын президенти Сергей Багапш Түштүк Осетияда абал курчуп кеткендиктен, 15-августта Улуттар уюмунун жетекчилиги астында Берлинде өтө турган сүйлөшүүлөргө катышпай турганын айтты. Ал жерде абхаз проблемасы каралмак.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG