Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Бээжинде Олимпиада оюндары учурунда коопсуздук күчөтүлөт


Кытай бийлиги үч күндөн кийин баштала турган Олимпиада оюндары учурунда коопсуздуктукту камсыз кыла алат. Бул тууралуу Олимпиаданын уюштуруу комитетинин өкүлү Сун Вейде билдирди. Кечээ Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң-Уйгур автоном районунда полиция бекетине кол салуудан бери дегенде 16 адам набыт болгон. Өкмөттүк басма сөз каражаттары жазганга караганда бийлик Шинжаң-Уйгур автоном районунда коопсуздук чараларын күчөттү. Кытайдын маалымат каражаттары дүйшөмбү күнү орун алган кол салуу үчүн сепаратист жоочулары жооптуу деп жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG