Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Бүгүн орусиялыктар жана дүйнө коомчулугу көрүнүктүү орус жазуучусу Александр Солженицынды түбөлүк жайына узатууда. Маркумдун сөөгү Маскөөдөгү Донской монастырынын көрүстөнүнө коюлмакчы. Кечээ (шейшембиде) жүздөгөн орусиялыктар көрүнүктүү жазуучу жана совет доорундагы чыгаан диссидент менен коштошуу үчүн Орусиянын Илимдер академиясынын имаратына келишти. Кыргызстандыктар да көрүнүктүү жазуучуну кайгыруу менен эскерип, анын көз карашынын оош-кыйыш жактарын талкууга алууда.

Шейшемби күнү жүздөгөн орусиялыктар Орусиянын күрөшкер жазуучусу, тоталитардык доордогу абактардын турмушун таасын чагылдырып, миллиондогон мурдагы советтик калайыкты ачуу чындык камтылган чыгармалары менен ойготкон Александр Солженицын менен түбөлүккө коштошуу үчүн Маскөөдөгү Орусиянын Улуттук Илимдер академиясынын имаратына улам самсып келип жатышты.

Үзгүлтүксүз жааган жамгырга карабастан, кишилер кезекке туруп, маркум жазуучунун сөөгүнө таазим кылып өтүп жатышты. Алар маркумдун жесири Наталияга жана уулдарына көңүл айтып, азасын бөлүштү.

Жазуучу Александр Солженицын 3-август күнү кечинде жүрөгүнөн кармап каза болгон. 89 жашында о дүйнөгө сапар тарткан жазуучунун саламаттыгы соңку жылдары начардап кеткен.

Жазуучунун уулу Степан атасынын акыркы мүнөттөрү тууралуу мындай деп айтты:

- Анын өмүрү капысынан үзүлдү. Салыштырмалуу капысынан болду. Ал үйдө каза тапты. Ал дайыма үйдө жатып өлсөм үмүт кылаар эле, дал ошондой болду. Ал улам башка бир ооруканага өзүн ташытканды каалачу эмес. Ал анча узакка кыйналбастан көз жумду. Түн ортосунда ал кете берди.

Жазуучу Солженицындын «Иван Денисовичтин турмушундагы бир күн» аттуу чыгармасы ал өзү саясий камактагы катары сталиндик лагерлерде сегиз жылдай запкы чеккен учурдун чыныгы турмушуна негизделген.

Бул чыгарма Гулагдан чыккан кишинин колу менен жазылгандыгы үчүн гана эмес, сталиндик лагерлердин капканында азаптуу турмуш кчиргендердин тагдырын чагылдыруу аркылуу сталинизмди, авторитардык режимди тайманбай айыптап чыккан алгачкы ири чыгарма катары да тарыхта калды.

1970-жылы жазуучуга Нобел сыйлыгы ыйгарылган, бирок ал өз сыйлыгын алуу үчүн Стокгольмго бара алган эмес. Эгерде өлкөсүнөн чыкса, кайра Советтер Биримдигине кире албай калаарынан чочулаган.

1973-жылы ал «Гулаг архипелагы» аттуу көлөмдүү чыгармасынын алгачкы бөлүгүн бүтүргөн. 1974-жылы аны Совет бийлиги душман катары жектеп, атуулдугун жокко чыгарып, өзүн өлкөдөн чыгарып жиберген. Ошол жылы гана ал өзүнүн Нобел сыйлыгын алган.

Ал эми «Азаттыктын» Орус кызматы болсо 1974-жылдан тартып анын «Гулаг Архипелагы» романына арналган берүүлөрдүн түрмөгүн биринчилерден болуп обого чыгарган.

Солженицын өзү «Азаттыкты» тээ 1955-жылы лагерде жүргөн чагынан тартып үзбөй уга баштаганын эскерген жайы бар.

Орусиянын чыгаан жазуучусун Кыргызстанда да терең кайгыруу менен эскеришүүдө. Кыргызстандын өкмөт башчысы Игорь Чудинов дүйшөмбүдө Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путинге Солженицындын дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айткан кат жолдоду.

Кыргыз жазуучулары жана коомдук ишмерлери да Солженицындын залкар адабий мурасын эскерип, бирок ошол эле учурда анын айрым ашкере улутчул көз карашын да белгилей кетишүүдө.

Көрүнүктүү кыргыз романчысы, тээ совет доорунда улутчул жазуучу катары кыйла куугунтукка учураган, 1990-жылы май айында «Кыргызстан» Демократиялык кыймылынын тең төрагаларынын бири болуп шайланган Казат Акматов мырза «Азаттык» үчүн курган маегинде Солженицынга мындайча баасын берди:

- Адабий тагдыры саясатташып кетти да, аябай. Бул өз убагында чоң макала жазды – «мобереги 14 союздук республиканы кууп чыгып, Орусия өзүнчө мамлекет болушу керек, болбосо башка жумурияттарды биз багып атабыз, Орусия багып жатат. Буларды бөлүп ташташ керек, анан ошондо Орусия гүлдөйт» деген макала менен чыкты да, чоң макала менен.

Ал эми мурдагы Советтер Биримдигинин президенти Михаил Горбачев болсо шейшембиде Илимдер академиясынын имаратындагы маркумду узатуу жөрөлгөлөрүнө катышкан соң, кабарчыларга мындай деп айтты:

- Ал чыгаан киши болчу. Маданияттын, адабияттын алпы эле. Эркиндикке, адилеттикке берилген, көз каранды эмес инсан болчу. Ушундай сапатынын аркасында ал бардык сыноолорго туруштук берип, өзүнүн артынан ушунчалык зор мурас калтырып кетти. Орусия дайыма аны эсинде тутмакчы.

Маркум Александр Солженицындын сөөгү бүгүн Донской монастырынын көрүстөнүнө коюлмакчы.
XS
SM
MD
LG