Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:59

07:13 БШК жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого камылга баштады


Борбордук шайлоо комиссиясы 5-октябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоону өткөрүү боюнча уюштуруу иштеринин календарлык планын жана ага кетүүчү каражаттардын сметасын бекитти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан маалымдашты. Ошондой эле шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу багытында кайрылууларга ыкчам жана натыйжалуу иш алып баруусу үчүн БШКда коомдук кабылдама ачуу жөнүндө токтом кабыл алынды. Ага ылайык коомдук кабылдама Бишкекте БШКнын имаратында жана Ош шаарындагы мамлекеттик администрацияда ар күнү эртең менен саат тогуздан, кечки алтыга чейин иштей турган болду. Шайлоо комиссияларын окутуу маселеси дагы иш планга киргизилди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG