Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

07:45 Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү аз


Кышында сууктун катуулугунан элди үшүтүп албайлык деп Токтогул ГЭСинде электр кубаттуулугун өндүрүү үчүн суу быйыл көп сарпталды, бул тууралуу энергетика жана отун суу ресурстары министринин орун басары Акылбек Түмөнбаев “Азаттыктын” ыңгайсыз суроолорунда билдирди. Анын айтымында, 2002-жылдан бери Нарын дарыясында суунун көлөмү азайууда. Жалпы эле Борбор Азиядагы Сыр-дарыя, Аму дарыясында дагы суу тартыш болуп, быйыл суу азайган. Алдыдагы кышка даярдык үчүн электр кубаттуулугу маал-маалы менен өчүрүлүп, Токтогул ГЭСине суунун көлөмүн көбөйтүү аракети көрүлүүдө, дейт Түмөнбаев. Кыргызстан товар чыгаруучулардын улуттук ассоциациясынын башчысы, окумуштуу Карыпбек Алымкулов болсо Токтогул ГЭСи курулган 30 жылдын аралыгында катуу сууктар деле болуп келгенин, бирок суунун көлөмү мынчалык азайбаганын белгиледи. Ал электр тармагын менчиктештирүү үчүн тиешелүү министрлик ушундай кадамга барышы мүмкүн деген божомолун кошумчалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG