Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

АКШ Орусияны Грузиянын жикчи аймагы Түштүк Осетияда провакациядан оолак болууга чакырды


Мамлекеттик депратаменттин өкүлү Гонсало Гальегостун айтымында, азыр тараптардын бири да провакациялык жол менен аракеттене турган учур эмес. Мунун алдында Орусиянын Түштүк осетин маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдөгү башкы өкүлү Юрий Попов эгер жаңжал чыгып кетсе, Москва Түштүк Осетиядагы өз жарандарын коргоого аларын билдирген эле. Бул аралыкта Грузия менен ал өзүнүн жикчил аймагы катары эсептеген Түштүк Осетиянын расмий өкүлдөрү акыркы он жылда алгачкы ирээт түз сүйлөшүү өткөргөнү жатат. Грузин тараптын кечээги билдирүүсүнө караганда, жолугушуу эртең Цхинвалиде болот.
Өткөн дем алыш күндөрдөгү кагылыштардан алты адам каза тапкандан кийин эки тараптын ортосунда согуш чыгып кетүүчүдөй кырдаал түзүлгөндөгү айтылып жаткан.

XS
SM
MD
LG