Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

10:00 Кыргызстанда адамдын иммундук таңсыктыгы менен ооруган аялдардын саны өсүп баратат


Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, бул дарт менен ооруган аялдардын саны 2001-жылы жалпы сыркоолордун 9,5 пайызын түзсө, быйылкы жарым жылдыкта 28 пайызга жакындап кеткен. Алардын көбү ооруну баңги сайынган күйөөлөрүнөн жуктуруп алышкан. Андан тышкары ооругандардын көбү 20-39 жаш курагындагы жаштар. Он төрт жашка чейинки өспүрүмдөрдүн саны жалпы сыркоолордун 6 пайызын түзөт. Быйылкы алты айдын ичинде адамдын иммундук таңсыктык дартын 245 адам, анын ичинде 233 кыргыз жараны жуктуруп алды. Ал эми өлкө боюнча азыр бул дарт менен ооруган 1591 адам, СПИД менен ооруган 121 адам катталган. ВИЧ дартынан 199, СПИДден 88 адам көз жумган. (BD)

XS
SM
MD
LG