Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:17

11:45 Үч жаш кыргыз акыны “Дебюттардын шериктештиги” сынагынын тандоо турунан өтүштү


Кыргызстандык Нарсулуу Гургубаева, Жазгүл Жамангулова (Азаттыктын кабарчысы) жана Алтынбек Исмаилов “Дебюттардын шериктештиги” эл аралык адабий сынагынын 1-баскычынан өтүшүп жеңүүчүлүк үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алышты. Баардыгы болуп бул абройлуу эл аралык сынакка КМШнын 10 өлкөсүнөн 35 жашка чейинки 100 чыгармачыл жаштар катышкан. Сынактын баштапкы айлампасында 33 адам алдыга озуп чыккан. Эми алар ичинен жеңүүчү сентябрда аныкталат. Сынакты уюштуруу демилгесин «Орус сыйлыгы» эл аралык адабий сынагынын жетекчиси Татьяна Восковская, “Дебюттардын шериктештиги” сынагынын координатору Максим Замшев жана жазуучу, «Элдер достугу» журналынын редактору Александр Эбаноидзе көтөрүп чыгышкан. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG