Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:30

Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек Кыргызстандагы кылмыштуулук жана ага каршы күрөш боюнча “Азаттыктын” таңкы түз ободогу суроолоруна Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун жооп берди.

“Азаттык”: Турсунбек мырза, эки күн мурда милициянын полковниги Анвар Алиевдин атып өлтүрүлүшү – Кыргызстандагы алгачкы киши өлтүрүү эмес. Мындай кылмыштар уланбайт деген да кепилдиктер жок. Статистикалык маалымат боюнча 2002-жылдан бери эле 50 чамалаш адам буюртма жол менен өлтүрүлүптүр. Буларга бөгөт коюу мүмкүнбү? Сиз кандай жолдорун айта аласыз?

Т.Акун: Эми бул каргашалуу окуя болуп атат. Бир айга жетпеген убакытта милциянын беш кызматкери кылмышкерлердин колунан мерт болду. Буга бөгөт коюуга мүмкүн эмес деп айтууга болбойт. Бирок акыркы кездери атайылап, заказ менен өлтүрүү көбөйүп атат. Бир четинен кылмышкерлердин саны көбөйүп, ыкмалары өөрчүп атат. Дагы бир себеби – милицияны техникалык жактан колдошубуз керек. Айлыктары дагы жакшы эмес. Милиция күнөөлүү дейбиз, бирок башыбызга күч келгенде милицияга барабыз. Ошол эле мезгилде булардын материалдык-техникалык базасы жагынан проблема чоң болуп атат. Анан кол тийбестик болушу керек буларда. Мыйзам тарабынан да коргоо көп эмес. Кылмышкерлер болсо сотто акча берип, башка берип чыгып кетип атат. Киши өлтүргөндөр эки-үч-беш жылда түрмөдөн бошоп, кайра киши өлтүрүп атышат. Бул жерде аябагандай көп себептер бар.

“Азаттык”: - Бул жерде жалгыз милициянын күчү жетишсиз, сот жана башка бийлик бутактарынын да аракети керек дейсизби?

Т.Акун: Мен айтайын дегеним, сот системасында соттордун кыйласы акча ким көбүрөөк берсе ошого берилип кетип атат. Андан тышкары прокуратура системасын алалы. Милиция канчалык кармап берип атат. Сот, прокуратура, ИИМди алсак, күчтүү иштеп атканы милиция тармагы, мен акыйкатчы катары айтып коеюн. Алар тергеп берет, прокуратурага барганда болсо ал жерде акча алат, башка алат. Анан эптеп-септегенден иш жабылып калат. Сотко жеткенин соттон чыгарып ийет. Ортодо милиция турат. Кылмышкер чыгып келет да, милицияны атат.

“Азаттык”: - Кылмыштын бетин ачууга саясий себептер тоскоол болгон жокпу? Маселен, ошол милициянын колунан келбей турган бир кубаттуу күчтөр бар деп ойлойбойсузбу?

Т.Акун: Эми мен саясий күчтөр бар деп эсептебейм. Бул жерде эки эле саясий күч бар: бири - бийлик, экинчиси – оппозиция. Бийликтин же оппозициянын колунан бул иш келбейт. Менин айтайын дегеним Хизб-ут-Тахрир деген күч бар. Бул да Кыргызстандын тарыхында өзүнүн ордун ээлеп калды. Булар да мыйзамсыз аракеттер менен жүрүп атат. Башка да күчтөр бар. Ошондой болсо дагы буюртма киши өлтүрүүлөргө кылмыш иши катары кароо керек. Бирок кылмышкерлерге катуу жаза болбой атпайбы. Аларга катуу жаза, он беш жыл сыяктуу жазаларды бериш керек да.

“Азаттык”: - Акыйкатчы институтуна бул багытта кандайдыр бир арыздар түшкөн жайы барбы?

Т.Акун: Мен баягы комиссияда иштеп жүргөндө Баяман Эркинбаевдин (Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты-авт.), башкалардын өлүмдөрү боюнча арыздар түшкөн. Бул боюнча тиешелүү аракеттерди көрдүк.
XS
SM
MD
LG