Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:56
“Борбор Азия.ру” маалымат агенттиги бүгүн чет элдик басма сөз булактарына таянып, Кытай менен Казакстан Кремлге трубопроводдор аркылуу чакырык салганын, эми Астана жана Пекин Казакстан менен Кытайды туташтыра турган үлкөн узундуктагы трубопроводдорун курмакчы болууга аттанганын, бу деген панаазиаттык долбоордун биринчи гана этабы болуп саналарын, ошентип Кытай менен Индияга жападан жалгыз газ сатып келген Орусия жогорудагы долбоордун айынан оюндан чыкканы калганын, аталган өлкөлөргө газ сатуу боюнча жеке базар болуудан ажырарын кабарлады. Ошентип "Kaz Munai Gaz" компаниясы Алматынын Капчагайды көздөй кеткен 42-чакырымында жаңы курулуш аянтын ачты. Бул панаазиаттык газ түтүгү курул бүтсө 40 миллиард куб газ өтүп турууга жөндөмдүү болот да, 30 миллиарды Кытайга берилип, 10 миллиарды Казакстандын өзүндө калмакчы. Кавказ менен кесилишип, Казакстан аркылуу өтө турган газ коридору буга дейре дүйнөлүк газ рыногунун кудайы эсептелген Орусияга чындап коркунуч келтирип жатат. Мындан сырткары Америка Кошмо Штаттары ошол эле казак метанын Түркмөнстан менен Азербайжан аркылуу Европа жана Батыш өлкөлөрүн көздөй алып чыгып кетүүгө ниеттенүүдө. Казак президенти Н. Назарбаевдин кудуреттүү өнөктөш издеп, Кремлге чакырык таштаганы оңой иш болгон жок, айрыкча мурда “Газпромдун” жетекчиси болуп жүргөн, трубопровод дегендин аки-чүкүсүн эң сонун билген Д. Медведов президент болуп турган кезде ого бетер оңой болбойт жазды.

Ушул эле маалымат агенттиги казак темасынын дагы бир жагдайына кайрылып, Казакстандын ички экономикалык абалынын кыйындашына байланыштуу анын коңшу өлкөлөрдөгү инвестициялык жана соода мамилелери солгундай баштаганын билдирди. 2004-жылдан 2007-жылга чейин казак инвесторлорунун Кыргызстандын экономикасына салган салымы 16 млн. доллардан 133 млн. долларга чейин жеткен. Казакстан Кыргызстан үчүн номур биринчи инвесторго айланган. Анткени казактар Кыргызстандын банк тармагынын 60 пайыздан ашуунуна көзөмөлдүк кылып турган. 2007-жылдын ортосунда казак инвестициясынын көлөмү коолап-чайлап өнүксө, ушул жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча казактар өз активдерин Кыргызстандан чыгарып кете баштады деп белгиледи.

“24.kg” маалымат агенттиги баш макаласынын атын “Кыргызстандын тез жардам сатанциясынын “кыямат кайымы” жөнүндө репортаж” деп атап, кабарчысына Бишкектеги бир оорукананын реанимация бөлүмүнүн фельдшери Людмила Подрыга аттуу айым, аталган оорукананын башкы бухгалтери Какен Буржуева эс алуу бөлмөсү менен корридордогу светтин баарын өчүрүүгө буйрук бергенин, башкы эсепчи анысын президент К. Бакиевдин указына таянып, электр энергиясын үнөмдөө үчүн жасап жатабыз деп түшүндүргөнүн, анан ушундай караңгыда адам өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшкөн жерде кайдагы иш болорун айтып берген. Азыр светтен бөлөк дагы баш ооруга айланып келаткан проблемалар толгон-токой. Мисалы ошол эле медиктердин айтымында бир жарым млн. калкы бар Бишкек шаарын тейлөө үчүн болгону 25 гана тез жардам машинасы жүрүп турат, ал эми стандарт боюнча ар бир 10 миң кишиге 1ден “тез жарадам” туура келиши керек, ансыз да акыркы жылдары мүмкүнчүлүгү чектелип калган тез жардамчылардын карамагына Бишкектин айлана-четиндеги 40 жаңы конуш, “Манас” аэропорту, Озерное, Ново Павловка, Военно Антоновка айылдары кошулган, жаңы конуштагы үйлөрдүн алтургай али күнгө дейре көчөсүнүн аты да, үйлөрүнүн номуру да жок.
XS
SM
MD
LG