Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

БУТУН КОЙБОЙ ТУРУП ОРУСТУН ЖЕРИН ӨПКӨН ЖАЗУУЧУ


Бүгүн Москвада орустун улуу жазуучусу Александр Солженицынды акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Кыргызстандыктар да Александр Солженицындын дүйнөлүк улуу жазуучу, улуу ойчул экендигин моюнга алуу менен, анын саясий көз караштарында карама-каршылыктуу нерселер болгондугун белгилешүүдө.

Александр Солженицын жерге бутун койбой туруп орустун жерин өпкөн жазуучу!

Бутун койбой туруп кантип жерди өбүүгө болот деп таңгалгандар болушу ырас. Мында Солженицын 20 жыл өз мекенинен сыртта куугунтукта жүрүп, 1994-жылы Орусияга кайрылып келгенде "Магадан" аэропортунда учактын тепкичинен бутун жерге түшүрбөй туруп, денесин ылдый таштап жерди өпкөндүгү жөнүндө сөз болуп жатат. Александр Солженицындын татаал тагдыры, анын согушка катышкандыгы, офицер болгондугу, Сталинди сындаган көз караштары билинип калып - согуштан кийин кесилип кеткендиги жөнүндө кеп кылып келип, Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев мындай маалыматтарды кошумчалады:

- Солженицын кадимки рак оорусу менен да ооруп калат. ”Раковый корпус” деген романына ошол нерсе негиз болуп атпайбы. Ошондо бирөөлөр айтыптыр ага – Талас суусунун башында, Казакстан жагында бир бал челекчи табып бар, ошого бар деп. Ошол орус-табып Солженицынды уу коргошундун гүлү менен дарылап айыктырат. Уу коргошундун орусча илимий аты “Иссык-Кульская корень”, ал өзү бир топ эле жерде өсөт экен, бирок биздин Ысык-Көлдөн табылгандыгы үчүн ошентип аталып калыптыр.

Бексултан Жакиев илгери Александр Солженицын куугунтукка алына электе аны менен жолуккандыгын, бирок а киши орустан башкалар жөнүндө, айрыкча майда улуттардын өкүлдөрү, маданияты жөнүндө бир да оң пикир айпаган киши экендигин эскерди. Солженицындын “Иван Денисовичтин бир күнү” повести Лениндик сыйлыкка да көрсөтүлгөн. Бирок ага Хрущев өзү каршы чыккан. Эгерде Лениндик сыйлыкты алып калса Солженицын кийин Нобель сыйлыгын албай калмак.

Саясатчы Топчубек Тургуналиев Александр Солженицындын чыгармачылыгы менен студент кезинен бери тааныш. Твардовскийдин колдоосу менен “Новый мир” журналына жарыяланган Солженицындын “Иван Денисовичтин бир күнү” повестин студенттер кезектешип ар бири 3 саат убакыт ичинде окуп чыгышкан экен.

Александр Солженицындын айрым пикирлери, маселен, Казакстандын түндүк тарабы Орусияга таандык, аны кайтарып алуу керек деп чуу баштагандыгы – чыныгы шовинисттик көз караш деп эсептейт Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев. Бул чуу Назарбаев Казакстандын борборун түндүккө көчүргөндөн кийин гана басылган.

Солженицындын “Орусияны кантип куруп чыгуу керек” деген эмгеги туурасындагы кепти Топчубек Тургуналиев улады:

- Орто Азия жөнүндөгү ал кишинин шовинисттик ойлорунун бирине токтолоюн. Орто Азия республикалары уйдун желинине жабышкан немедей болуп Орусияны соруп атышат, алардан арылуу керек дейт. Ошол эле кезде Орусия толугу менен Орто Азияны өзүнө көз каранды кылып алып, каалаганындай эзип келгендиги жөнүндө бир да сөз айтпайт. Ошентсе да Солженицындын терс көз караштарынан оң көз караштары алда канча басымдуу. Ал жалпы адамзат үчүн улуу чыгармаларды жаратып берди.

Эскерте кетчү нерсе, Александр Солженицындын шедеврлеринин бири “Иван Денисовичтин бир күнү” повести боюнча кезинде Токтоболот Абдымомунов сын макала жазган экен.
XS
SM
MD
LG