Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

15:15 Бишкек мындан ары борбордун башкы планы менен гана өнүгөт


Ага негиз берген “Бишкектин аймагында тейлөө жайларын ирээтке келтирүү” жөнүндөгү токтом кабыл алынды. Токтомго ылайык базарлар менен дүкөндөрдү салуу жана ага жер берүү мындан ары башкы пландын гана негизинде долбоорлонуп, алардын курулушу менен архитектурасына көзөмөл күчөтүлөт. Андан тышкары азыр иштеп жаткан базарлардын өрт коопсуздугунун абалы дыкат текшерилет. Бишкек мэринин дагы бир токтому менен көрнөк-жарнактар жаңыртылып, өз алдынча илингендери алынат. Курулуш жүрүп жаткан жерлерге жакшы сапатта жасалган рекламалык жарнактар жайгаштырылып, ар бир мекеме-жайлардын кожоюндары көрнөк,жарнактардын сапатына жоопкерчиликтүү болот.(BD)

XS
SM
MD
LG