Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:33

АКШ ПРЕЗИДЕНТИ ТҮНДҮК КОРЕЯНЫ ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУККА АЧЫК БОЛУУГА ҮНДӨДҮ


АКШ президенти Жорж Буш Ыраакы Чыгыштагы сапарын улантууда. Бүгүн (шаршембиде) ал Сеулда маалымат жыйынында чыгып сүйлөп, Түндүк Кореянын авторитардык режимин өзөктүк программасынан эл аралык көзөмөл астында тургандай деңгээлде баш тартууга чакырды. Ошондой эле Буш мырза Кытай бийлигине да кайрылып, Бээжинди атуулдарынын диний укуктарын камсыз кылуудан чочулабоого үндөдү. АКШ мамлекет башчысы сапарын Тайландды көздөй улантат жана 8-августта Бээжиндеги Олимпиаданын ачылыш салтанатына катышмакчы.

АКШ президенти Жорж Буш Сеулда түштүк кореялык кесиптеши, быйыл февралда кызматка киришкен президент Ли Мен Бак менен сүйлөшүү жүргүздү. Андан соң алар маалымат жыйынына чогуу келип, аймактагы коопсуздук маселесинде бирдиктүү майданда турганын айгинелетишти.

Эки мамлекет башчысы тең Түндүк Корея өзөктүк долбоорунан баш тартып жатканын эл аралык коомчулуктун өзгөчө кубаттуу көзөмөлү алдында тастыктатышы керектигин баса белгилешти.

Президент Буш Ёнбён өзөктүк ишканасынын реакторунун июнь айында токтотулушун жагымдуу кабар катары белгилеп, эми Пхеньян өзүнүн өзөктүк долбоорун көзөмөлөй тургандай механизмди түзүүгө жетишсе, анда 12-августтан кеч эмес бул өлкө АКШ өкмөтү түзгөн террорчулукка шыкакчы болгон мамлекеттер тизмесинен чыгарылаарын айтты.

Бирок, Буштун оюнча, расмий Пхеньян үчүн эл аралык коомчулук тарабынан кабыл алынуусу жаатында бул кадамдар да жетишсиз.

- Ал (Ким Чен Ирдин режими) террорчуларга шыкакчы болгон мамлекет тизмесинен чыгарылган күндө да, алардын өлкөсү дүйнөдөгү өзгөчө чектөөлөргө дуушарланган мамлекет бойдон кала бермекчи. Ошондуктан, мындагы түйүндүү маселелер төмөнкүлөр: деги алар өлкөнүн мындай макамын өзгөртүү үчүн далаалат кылаар бекен? Деги алар өз өлкөсүнүн эл аралык бөлүндүдө калганын жоюуга талаптанабы? Алар улуттардын дүйнөлүк коомчулугуна кирүүнү эңсейби? Деги алар тынчтыкты сүйгөн өлкө катары көрүнгүсү келеби?

Президент Буш жума күнү (8-августта) Кытайдын ордо шаарына келмекчи. Анын айтымында, Олимпиаданын ачылыш салтанатын ал адам укуктары жаатындагы маселелерди козгоо үчүн трибуна катары пайдаланбайт, бирок өзү президент болуп турган маалда бул маселелерди ал ырааттуу козгоп келди.

- Мен Кытайдын жетекчилери менен жети жарым жылдан бери жолугушуп келем. Менин аларга айтаарым мурдагыдай эле. Силер коомуңардагы динге такыба кишилерден чочулабашыңар керек. Иш жүзүнө келгенде, динге берилгендер коомуңарды дурусураак деңгээлге чыгара алат. Силер өз пикирин айтууга жөндөмдүү кишилерди колдоого алууга тийишсиңер.

АКШнын мамлекет башчысы өз сапарын шаршемби күнү кечкурун Тайландды көздөй улантууда. Бул өлкөдө ал коңшу Мянмадагы (Бирмадагы) адам укуктарынын одоно бузулуш учурлары тууралуу атайын чыгып сүйлөөрү белгиленген.

XS
SM
MD
LG