Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:13

Бээжинде Олимпиада оюндарынын ачылышына эки күн калганда Олимпия отунун соңку эстафетасы өтүүдө


Олимпиада отун кармаган эстафетанын катышуучулары ордо шаардын “Тыюу салынган шаар” деп аталган тарыхый бөлүгүнөн баштап Тянанмэн аянты аркылуу өтүштү. Олимпиада оту алдыдагы эки күн бою Бээжинди аралаган соң 8-августта Олимпиадалык стадионго, быйылкы Олимпиаданын ачылышына алынып келинет. Анын аралыгында өкмөттүк басма сөз каражаттары Бээжиндеги стадионго жакын жерде “Тибетке эркиндик” деген жазуусу бар чоң плакатты кармап, нааразылык чарасын өткөргөн британиялык жана америкалык төрт турист камакка алынганын кабарлашты. Эскерте кетсек, март айында Грекияда жанган Олимпиада отунун жүрүшү бир катар өлкөлөрдө тибетчил жана башка укук коргоочу топтордун нааразылык иш-чаралары менен коштолуп келди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG