Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:10

Амирбек Усманов, Прага Грузиянын жана Түштүк Осетиянын өкүлдөрү 7-августа жикчил аймактагы кырдаалды жөндөө боюнча акыркы он жылда биринчи жолу жүзмө-жүз сүйлөшөт. Бул жөнүндө шейшемби күнү Грузин бийликтери кабарлады. Түштүк Осетия 1991-жылдан бери Грузиянын амирин тааныбайт. Өткөн апта соңундагы аткылашууда осетин тараптан беш адамдын каны төгүлгөндөн кийин Түштүк Осетиянын жетекчилиги согушка камдана баштагынан билдирген. Ырасмий Москва кокус уруш чыгып кетсе, аймактагы букараларын коргоого алаарын эскертти.

Шейшемби күнү Грузиянын өлкөнү кайра бириктирүү боюнча министри Темур Якобашвилинин маалымдашынча, ал Түштүк Осетиянын жетекчилери менен жикчил аймактын борбору Цхинвалиде кездешет:

-7-августа жикчилер менен эки жактуу сүйлөшүү өткөрүү мерчемделди. Сүйлөшүүгө Россиянын өкүлдөрү катышат. Жолугушууда кырдаалды жеңилдетүүгө мүмкүндүк түзүлөт, ага чейин эч кандай провокация болбойт деп ишенем.

Якобашвили сүйлөшүүгө Россия байкоочу катары гана катышаарын эскертти. Акыркы он жылдагы биринчи түз сүйлөшүү «чатакты жөнгө салууда бурулуш учур болуп калышы мүмкүн», деп кошумчалады министр.

Шейшемби күнү оруссиялык дипломат Юрий Попов непада Түштүк Осетияда согуш башталып калса, Москва жикчил аймактагы жарандарын коргоого алаарын эскертти. Андан бир күн мурда Орусиянын тышкы иштер министрлиги Грузияны Түштүк Осетияда ашыкча күч колдонууда деп күнөөлөп, аймактагы кырдаал «чоң масштабдагы согушка» жакын калганын билдирген.

Акыркы күндөрү калабалуу аймактан жүздөгөн аялдар жана балдар шашылыш көчүрүлүп, Түштүк Осетия урушка даярдана баштаган. Осетин жетекчилигинин ырасташынча, жума күнү грузин тараптын огунан беш адамдын өмүрү кыйылгандан кийин алар өздөрүн коргоого даярданууга мажбур болушкан.

Грузия эч кандай согушка даярданбаганын, Түштүк Осетиянын элин жабыла көчүрүү да болбогонун айтууда. Ошол эле учурда Грузиялык тынчтык күчтөрүнүн командачысы Орусиянын тынчтык аскерлерин Түндүк кавказдык согушчандарды Түштүк Осетияга өткөрүүдө деп күнөөлөдү.

Ырасмий Тбилиси Орусияны Түштүк Осетиянын жана Абахазиянын жикчилерин колдоо үчүн 1990- жылдардын ортосунда регионго тынчтык күчтөрүн киргизди деп күнөөлөп келет.

Москва берегидей айыптоону четке кагып, аймактагы букараларын коргоого мыйзамый укугу бар экенин айтат. Таанылбаган жикчил эки республиканын грузин эмес жарандарынын көбүндө орус паспортору бар.
XS
SM
MD
LG