Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:03

ЫСЫК-КӨЛ: ЭС АЛУУЧУЛАРГА УЛУТТУК ОЮН-ЗООК ТАРТУУЛОО КАНДАЙ УЮШТУРУЛУУДА?


Рита Нурмамбет кызы, Ысык-Көл Ысык-Көлгө келген туристтер быйыл кыргыздын улуттук оюндары менен да таанышып, ал тургай өздөрү да катышып жатат. Эс алуучуларга улуттук оюн-зооктун түрлөрүн “Бостери жаштары”, “Алга Чолпон-Ата” уюмдары жана “Жолчоро” кайрымдуулук кору уюштурууда. Мындай салтанат ар ишемби сайын Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өткөрүлүүдө.

Ысык-Көлгө келген конокторго Кыргызстандын жаратылыш кооздугу менен кошо улуттук спорт оюндарын да таанытуу үчүн “Жолчоро” кайрымдуулук кору көтөргөн демилгени жергиликтүү ишкер жаштар жана көк бөрүчүлөр да колдошкон. Биргелешкен топтордун бул саамалыгын туристтик агенттик да колдоп, 100 миң сом бөлүп берген.

Улак тарткан 20дай оюнчуну сүрөп отургандар, алардын кимиси-ким экендигин кийимдеринен ажыратып отурушту. Анткени туристтик агенттик берген 100 миң сом так ушул оюнчуларга тигилген кийимдерге сарпталыптыр. Ат майдандагы бул салтанатка “Карвен клуб” эс алуу жайынан атайын чыгынып келген Станислав Италияда жашап калгандыктан кыргыздын улуттук оюндары жөнүндө эч нерсе укпаганын айтты:

- Чындыгында Ысык-Көлдөн башка эч кандай түшүнүк жок. Кыргыз эли эмне менен алектенет, кандай кийинет дегендей мага ар улуттун маданияты, тарыхы абдан кызык. Мисалы ат чабышта кыздар менен жарышканды көрүп мен да ат минип, байкап көрсөмбү деп атам, анткени өзүм мингенди билбейм.

Кыз куумай, тыйын эңмей, чаап келатып бута атуу оюндарына таң калганын жашырбаган туристтер оюн-зооктон соң оюнчуларга кызыккан суроолорун да бере алышат. Алар тайган агытып, куш салган мүнүшкөрлөрдү көрүп, кыргыздын байыркы аңчылык жашоосунан да кабар ала алышат.

Чолпон-Ата шаарынын ат майданына ителги, бүркүттөр Тоң районунан жума сайын алып келинип турат. Чуркап бараткан коенду алган ителгинин ээси Улан Карыпбаев менен туристтер сүрөткө түшүп, ителгинин бүркүттөн артыкчылыгы эмнеде деген суроону узатышты:

- Бул ителги бүркүттөн да бийик учат да, катуу күүлөнүп келип тебет.

Улан менен кошо бүркүт баккан Талгар мүнүшкөр да аңчылыктын түрлөрү менен түйшүктөрү тууралуу сурообузга:

- Жакшы эле Тоңдон алып барып, алып келип жатышат, акчасын да төлөп берип атышат, - дейт кыраан куштар иле турган коендорду да улам үйлөрүнөн алып келип жатканын кошумчалаган мүнүшкөрлөр.

Көпчүлүк туристтерге жаа атканга мүмкүнчүлүк берилип, жергиликтүү балдар алардын коопсузудугуна өзгөчө көңүл бурушат. Оюн-зоокту алып баруудагы бир кемчилик – оюндун шарттын, жүрүшүн текши баяндап түшүндүрүү үчүн үн чоңойтуучу техниканын жоктугу.

“Жолчоро” кайрымдуулук корунун мүчөсү, улакчы Жолдош Карабалаев иш-чараны уюштуруучулар бекер иштеп берип жатканын белгилеп, жергиликтүү бийлик тараптан колдоо болбой жатканына токтолду:

- Сезон ачылышында техникаларды коюп беребиз деген, улуттук оюндарды көргөзүп эле бергиле деп суранышкан, бирок дагы күтө турабыз го. Элге микрофон менен сүйлөбөсө чоң ат майданда көпчүлүк эч кимди укпайт экен. Бул иш- чара жалпы кыргыз эли үчүн болуп аткан соң бизге эле жүктөп салган болбойт го.

Ал эми ”Нурман” фирмасынын ээси Алмаз Абдрахманов кыз куумайга түшкөн кыздарга, бүркүт салган мүнүшкөрлөргө акча төлөп берүү кыйындап баратканын ачыктады:

- Оюнчулар чарчайт, күн ысык, акчасын дароо төлөп бериш керек, алар аттарын да караш керек. Ошого акча тартыш болуп атат. Эгер төлөбөй койсок, алар эмки ишембиде келбей койсо, туристтерге жарыяга берген убаданы кантебиз, ошого мамлекет да жардамдашса болмок.

Ал эми жергиликтүү бийлик жетекчилери башында убадалашкандай, улуттук оюн-зоок уюштуруучулардын чыгымдары сатылган билеттен түшкөн акчадан жабылышы керек экендигин айтышыт. Ал эми уюштуруучулар, маселен, өткөн ишемби күнү эс алуучулар аз келгендиктен кирүү акысы 200 сомдон 100 сомго төмөндөтүлгөнүн маалымдашты. Улуттук оюндарды көргөзүү ушундай кырдаалда турса, эс алуу сезону аяктагыча ал иштиктүү уланабы же жокпу, азырынча белгисиз болуп турат.
XS
SM
MD
LG