Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:29

Белгилүү советтик диссидент, көрүнүктүү орус жазуучусу, советтик эмгек лагерлердин бардык азабын жон териси менен тарткан Александр Солженицындын сөөгү кечээ (6-августта) Москвада жерге берилди. Жазуучуну акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө жүздөгөн адамдар, алардын ичинде маданий жана саясий ишмерлер катышты. Александр Солженицындын кийинки муундарга калтырган мурасы тууралуу пост-советтик мейкиндикте ар кыл пикирлер, анын ичинде сын көз караштар да арбын айтылууда.

Москвадагы Донской монастырындагы көрүстөнгө адабияттын алпы деп аталган Солженицын менен коштошуу үчүн дүйнөнүн төрт бурчунан анын талантына таазим эткендер, Орусиянын президенти Дмитрий Медведев, жогорку даражалуу бийлик өкүлдөрү жана карапайым адамдар келишти.

Александр Солженицын өзүнөн кийин калтырып кеткен мурасына бир беткей баа берүүгө мүмкүн эмес.

Дүйнө коомчулугу жазуучунун өз кезегинде советтик сталиндик эмгек лагерлердеги азаптуу жашоону ачык айтып чыкканына таңданганы менен, кийинки жылдары жазуучунун ашкере улутчул маанайдагы билдирүүлөрүн сынга алгандар дагы жок эмес.

Солженицын Орусиянын Мамлекеттик коопсуздук комитети – КГБнын мурдагы аткаминери, кийин президент болгон Владимир Путин менен соңку учурларда жакшы мамиледе болгондуктан, советтик доору учурундагы көптөгөн диссиденттер менен жазуучунун мамилеси кыйла салкындап кеткен.

Орусиянын улуттук жана диний азчылыктагы топтору Солженицындын ортодоксалдык христиан динине таянуу менен славяндардын кайра жаралуусуна жетишүү чакырыгын аң-таң болуу же санааркоо менен кабыл алышкан.

Армян жазуучусу Вахрам Мартиросян буларды айтат:

- Азыркыдай (кайгы баскан) маалда, салтка ылайык, Солженицын тууралуу терс пикир айтуу ыңгайсыз. Бирок анын айрым билдирүүлөрүндө чындыгында эле улутчулдуктун ксенофобиялык маанайы байкалчу. Мигранттарга, анын ичинде армян улутундагыларга карата терс мамиле күчөгөн шартта, бул көз караш азыркы Орусиядагы шовинисттик маанайдын чырагына гана от тамызып койду.

Белгилүү татар жазуучусу Айдар Халим Солженицындын өлүмүн “бүтүндөй адамзаты үчүн оор жоготуу” деп сүрөттөйт. Бирок көрүнүктүү диссидент Орусиядагы миллиондогон славян эмес мекендештеринин көңүлүн сууткан саптарды да жазганын кошумчалайт:

- Бир жагынан Солженицынды Орусиядагы сталиндик зулумдукту жеңгендердин бири катары эсептешчү. Бирок, экинчи жагынан алганда, ал Орус империясынын сакчыларынан эле. Өзүнүн сындоо жана айыптоо кудурети Солженицынды Лев Толстойдун катарына койду, бирок анын “Орусияны кантип бакыбат кылып куруу керек?” аттуу айтылуу эмгегинде ал Орусияны империя катары сактап калуу аргасын кылат. Балким, ушундай атак-даңазага жеткен соң, ал орустарды гана эмес, башка дагы улуттук топторду да коргоого алуу үчүн далаалат кылса дурус болмок.

1990-жылы Советтер Союзунда кеңири таркаган “Комсомольская правда” гезитинде анын “Орусияны кайра куруу” аттуу макаласы жарык көрөт. Анда Солженицын Орусия Советтер Биримдигине кирген бардык башка жумурияттарды бөлүп ташташ керек, себеби алардын баары “жанбакты” деген маани камтылган. Нобель сыйлыгынын ээси болгон Солженицын Орусия, Украина, Беларус жана Казакстандын бир бөлүгү биригип, жаңы Славян мамлекетине баш кошушу керек жана бул мамлекет орусташуусу абзел деп айткан. Анын оюнча, бул орусташкан мамлекеттин идеологиялык өзөгү – православие (ортодоксалдык христиан дини) болууга тийиш.

Бул макала Советтер Биримдигин сактап калгысы келгендердин да, аны көз карандысыз жумурияттарга жиктөө үчүн күрөшкөндөрдүн да кыжырын кайнаткан.

Советтер Союзу урагандан кийин дагы Солженицын Славян мамлекетин негиздөө оюнан кайткысы келбей көшөрдү. 1996-жылы көрүнүктүү казак жазуучулар тобу “Казакстандын түндүк бөлүгү Орусияга кошулушу керек” деген Солженицындын маегин жарыялаган “Комсомольская правда” гезитин кескин сынга алышат. Алар гезит эгемен өлкөнүн аймактык кол тийбестигине шек келтирди, ошондуктан Казакстанда бул гезитке тыйуу салуу керек деп чыгышты. Казакстандын башкы прокурору дагы бул айыптоолорду колдоп, “Солженицын көз карандысыз өлкөнүн ички иштерине одоно кийлигишти” деп билдирген. “Комсомольская правда” гезити болсо кечирим суроого мажбур болгон.

Солженицындын улутчул маанайдагы билдирүүлөрү Украина менен Беларуста дагы кескин сынга алынып келген. Азыркы таптагы беларус философторунун бири Алес Анципенка “Азаттыкка” буларды айтат:

- Анын “Орусияны кайра куруу” аттуу эссесинен соң, мен Солженицын тоталитардык системага каршы айбаттуу сөздөр жазганына карабастан, катардагы эле орусиялык империалист бойдон калганын аңдадым. Мен муну өтө мүшкүлдүү карама-каршылык катары кабыл алдым, анткени ар кандай эле империалисттик система тийешелүү деңгээлде тоталитардык түзүлүш болуп саналат. Солженицын беларустар менен украиндердин өз улуттук тагдырын өз алдынча аныктоо укугун четке каккандыгы үчүн мен аны өтө карама-каршылыктуу киши деп таптым.

Совет доорунда Сталиндин эмгек лагерлериндеги азаптуу турмушту чагылдырып, тоталитардык коомду ашкерелегени үчүн Солженицынга тамшангандар көп болгону менен, анын бир катар бир беткей билдирүүлөрүн кескин сынга алгандар Украинада дагы аз эмес.

Маселен, Солженицындын “1932-33-жылдардагы Украинадагы ачарчылыкты геноцид көрүнүшү катары кароого болбойт” деген билдирүүсү украин элинин кыжырын кайнаткан. Ушул жылы апрель айында 89 жаштагы Солженицын Советтер Биримдигиндеги 1930-жылдардагы ачарчылык миллиондогон адамдардын өмүрүн алып кеткен, ага жол берген коммунист аткаминерлердин көбү украин улутундагылар болгон деп жазып чыккан.

Анын бул макаласы Орусия Мамлекеттик Думасынын 1930-жылдардагы Украинадагы окуяларды “украиндерге каршы тукум курут саясаты” катары кароого мүмкүн эмес деген резолюцияны кабыл алуусу менен дал келген.

Айтмакчы, украин жазуучусу жана акыны, совет доорунда диссидент катары абакка жатып чыккан Евгений Шевчуктун оюнча, Александр Солженицындын энесинин теги украин болгонуна карабастан, Солженицын орустардын ашкере улутчул, империалисттик көз карашынын туткунунда кала берген жана ал Украинага текебер мамиледе болгон.
XS
SM
MD
LG