Мындай пикирин өлкө башчысынын «Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митинг, демонстрацияларды эркин өткөрүү укугу жөнүндөгү» мыйзамга кол койгондон кийин «Кылым шамы» укуктук борбордун жетекчиси Азиза Абдырасулова «Азаттыктын» таңкы маегинде билдирди. «Мен бул мыйзамга баш ийбегиле деп эч кимге чакыруу кылбайм. Биз Кыргызстандын жараны болгондон кийин мыйзамга баш ийишибиз керек. Бирок кээ бир учурларда баш ийбөө менен жаман мыйзамды жок кылууга аргасыз болуп калган учурлар болуп калат»,-деди Абдырасулова. (AJ)