Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:48

07:35 Милициянын полковниги Анвар Алиевдин сөөгү Сакалды айылына коюлду


Наркобизнеске каршы күрөш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, милициянын полковниги Анвар Алиевдин сөөгү 6-августта Жалал-Абат облусунун Ноокен районундагы өзү туулуп өскөн Сакалды айылында коюлду. Анвар Алиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ош шаарындагы Эргеш Алиев атындагы көчөдө болуп, ага жакын туугандары, кесиптештери, шаар тургундары катышты. Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын генерал-майору Бахтыяр Алиев иниси Анварды акыркы сапарга узатып жатып сүйлөгөн сөзүндө “ Анвар бала кезинен эле чоң атасы Эргеш Алиевдин жолун жолдоп милиция кызматкери болом деп тилек кылганын, ал кылмышкерлердин колунан баатырларча курман болгонун” белгиледи. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.(AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG