Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

А. АБДЫРАСУЛОВА: ПРЕЗИДЕНТ БИЗГЕ ЖАМАН МЫЙЗАМДЫ ТАҢУУЛАП БЕРДИ


Президент Курманбек Бакиев узак тыныгуудан кийин, 6-августта “Жарандардын тынч, куралсыз чогулуу, митинг, демонстрацияларды эркин өткөрүү жөнүндөгү» мыйзамга кол койду. Бул укук коргоочулар арасында нааразы пикирлерди жаратууда. Президенттин бул кадамына карата “Азаттыктын” суроолоруна таңкы түз ободо «Кылым шамы» укук борборунун башчысы Азиза Абдырасулова жооп берди.

“Азаттык”: -Азиза айым, кандай деп ойлойсуз, президент эмне үчүн укук коргоочулардын, эл аралык уюмдардын мыйзамга кол койбоо чакырыктарын эске алган жок?

А. Абдырасулова: Менин жеке оюмда өлкө ички проблемаларына, ички саясий чечимдерине ээ боло албай калган абал биздин Кыргызстанда болуп калды. Бир жагынан Кыргызстан ШКУ, ЖККУ уюмдарынын жана бизге коңшу Өзбекстан, Орусия сыяктуу өлкөлөрдүн таасиринде болуп калды. Экинчи жактан демократияны түздөн-түз колдоп, бир нече жылдан бери каржылык жактан да колдоп келаткан жана өнүгүү жагынан да колдоп турган Европа жана Америка өлкөлөрүнүн да таасиринен чыга албастан, ортодо эки анжы абалда туруп калды. Акырында Медведев (Орусия президенти-авт.) келер алдында, ШКУ саммитинин алдында ушундай жыйынтыкка келди .

“Азаттык”: - Жаш саясатчылар мындай мыйзамга баш ийбейбиз деп атышат. Маселен, парламенттик шайлоодон кийин чыккан “Мен ишенбейм!” сыяктуу акцияларды мыйзам канчалык деңгээлде тизгиндей алат?

А. Абдырасулова: Мындай жаман мыйзамдар тизгиндей алган эмес. Өзү адам укугун бузуунун үч шарты бар: биринчиси, жаман мыйзам болсо, экинчиси, жакшы мыйзам болуп, ал аткарылбаса, үчүнчүсү, жарандар өз укуктарын билбесе. Кыргызстанда ошол биринчи шарт – адам укуктарын мыйзам өзү буза турган шарт түзүлүп калды. Мен бул мыйзамга баш ийбегиле, деп чакырык кылбайм. Биз Кыргызстандын жараны болгондон кийин баш ийишибиз керек. Бирок кээ бир учурда баш ийбөө аркылуу да кээ бир мыйзамдарды жок кылууга аргасыз болгон учурлар болот.

“Азаттык”: Мындан ары мыйзамды оңдоо аракеттери болобу? Мисалы президенттин жардыгына түшүндүрмөдө ошондой мүмкүнчүлүк берилген экен?

А. Абдырасулова: Бул курсак ачып ыйлаган балага курук упчу берип соороткондой эле нерсе. Эгер президент аткаруу бийлиги тарабынан мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү кааласа, ага кол койбой туруп, ушуну жасатмак. Биз өзүбүз жактан канча сунуштарды берип аттык. Алар угулбай эле калып атпадыбы. Ошондуктан, азыр мыйзам кабыл алынгандан кийин мыйзамды аткаруу бийлиги түздөн түз аткарат. Кол коюлган мыйзамга түзөтүү киргизгенге аткаруу бийлигине эч кандай уруксат берилген эмес. Андай алардын укугу жок. Бул деген парламент кабыл алат, президент кол коет. Ошол процедура аткарылды да. Мыйзамды бизге таңуулап берди. Демек аткаруу бийлиги ошол мыйзамды аткарат. Башкача айтканда, аткаруу бийлиги кааласа митинг-пикеттерге уруксат берет. Каалабаса аны сот аркылуу тыюу салып койгонго же милиция аркылуу кууп койгонго, пикет-митингдерди өткөрүү шарттарын өздөрү каалагандай өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзамды президент кол коюп, бизге берди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG