Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

11:02 Ветеринардык кызмат бардык малды эмдөөгө киришти


Ал үчүн малдын жугуштуу жана эң коркунучтуу беш ылаңынан сактоочу вакцина 52 миллион сомго алынды. Ветеринардык кызматтын башкы директору Калыс Жумакановдун айтымында, буга күйдүргү,шарп, бруцеллез, кутурма жана койдун чечек оорусунун көп болуп, сибирь жарасы же күйдүргү дартынын 1181 очогу катталгандыгы башкы себеп. Бул очоктордун 70 пайызы түштүктө катталгандыктан Жалалабад облусуна 100 миң даана вакцина жеткирилди. Бирок, каттоого алынбаган очоктордун саны дагы жүздөп саналат деген божомол бар. Себеби, Улуу Ата Мекендик согуш маалында күйдүргүдөн кырылган малдын сөөгү көмүлгөн жерлер катталган эмес. Жерде 200 жылга чейин сакталган бул дарттын микробдорун мал чөп аз жерде тамыры менен кошо жеп жугузуп жатышат. (BD)

XS
SM
MD
LG