Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

12:45 И.Чудинов: “Быйыл түшүм болот, анткени дыйкандарга 700 миллион сомго жакын жардам берилген”


Өкмөт башчы мындай маалыматты “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, 800 миң тоннага жакын дан алынат жана күздүк айдоо үчүн дыйкандарга жакында 300 миллион сомдук каражат банктар аркылуу жеңилдетилген кредит, күйүүчү май жана үрөндү жакшыртуу үчүн берилет. Бирок, башкы көйгөй жерди багуунун унутта калгандыгында болууда. Дыйкандар жерди которуштуруп айдоо, үрөндү жакшыртуу деген милдеттерди 15 жылдан бери эстен чыгарып коюшкан. Ошон үчүн жаңыдан түзүлгөн Азык-түлүк корпорациясы бириндеп кеткен дыйкан чарбаларын ирилештирип, бирдиктүү азык-түлүк саясатын жүргузүүгө аракет кылат.(BD)

XS
SM
MD
LG