Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Шайлообек Дүйшеев, Бишкек

Акыркы күндөрү Кыргызстандын бардык мекемелери менен ишканалары электрэнергиясын кантип үнөмдөө жөнүндө ойлой башады деп кабарлаган “24.kg” маалымат агенттиги өлкөнүн Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова Кыргызстан боюнча жалпы билим берүүчү 2 миң 111 мектептин 1 миң 117си электр энергиясы менен жылытылса, 440 мектеп электрказанына ылайыкташтырылып, 677си электр жылыткычтарын сайып кыштан чыгып келгенин белгилеп, эми кышка дейре мектептердин 27 пайызын же 308 мектепти көмүр менен жылытууга өткөрүү керек деп айтканын маалымдады. Мындай мектептерге 15 миң тонна көмүр сатылып алынышы керек. Калган 809 мектеп акчанын айынан бул жылы көмүр менен жылытканга өтө албайт. Аларды көмүр жагууга которуу 2009-2010-жылдары жүргүзүлөт. Министр И. Болжурова ошондой эле күзгү жана жазгы каникулдарды 25-декабрдан 1-февралга чейин узартуу тууралуу билдирип, калганын аба ырайынан көрөбүз, эгер 10-15 градус жылуу болсо окууну уланта беребиз деп айтты деп жазды.

“Борбор Азия” жаңылыктар кызматы “Борбор Азия аймагындагы суунун тартыштыгы бул чөлкөмдө террорчулук менен сепаратизмге алып келиши мүмкүн деген макаласында, дал ушул маселе Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Дүйшөмбү шаарында өткөн жолугушуусунда талкууланганын жана мындай чыр-чатактын далили катары кыргыз-тажик чегарасында болуп өткөн суу талаш келтирилгенин кеп кылды. Борбор Азия аймагындагы беш өлкөнүн бири-бири менен чегаралары карта боюнча формалдуу түрдө чечилди делген менен алиге дейре тактала элек маселелер толтура. Алтургай чегара райондорунда жашаган тургундардын өзүлөрү бүгүн өздөрүнүн кайсыл республикага таандык экендиктерин билишпейт. Ошентип чөлкөмдө суу тайыздаган менен проблемалар барган сайын тереңдөөдө. Кыргызстан менен Тажикстан Борбор Азия аймагындагы эң эле кичинекей жана бечара өлкөлөрдөн болуп саналат. Экөөнүн карманган жалгыз көзүрү суу. Суу маселеси ушу тапта казактар менен өзбектер чектешкен райондордо да дыйкандарды чыңалууга алып келүүдө.. Өткөндө Казакстандын вице-премьери өзбек тарапка катуу эле айтты. Казак бийлиги сууга суусап турган жарандарын канчалык жооткотсо дагы Астана менен Ташкендин ортосунда от “дүрт” этип кетчү болсо анда Кыргызстандын 2005-жылдагы март окуясы шоона эшпей калышы мүмкүн. Так ушундай маселе бар үчүн аны ШКУ уюму талкууга алды деп жыйнытыктады маалымат агенттиги.

Жакын арада Кавказ жана Борбор Азия аймактарында ракеталардан коргонуу системасын түзүү зарыл деген оюн Орусиянын аскер аба күчтөрүнүн башкы колбашчысы, генерал-полковник Александр Зелин билдирди деп кабарлады “Борбор Азия” жаңылыктар кызматы “Итар-ТАСС” агенттигине шилтеме кылып.

“Акипресс” маалымат агенттиги Кыргызстан кокус энергетикалык жана азык-түлүк апаатында кала турган болсо Бириккен Улуттар Уюмуна таянса болорун өкмөт башчысы И. Чудиновго БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Нил Волкер жолугушуусунда айтканын маалымдады.

“Кабар” маалымат агенттиги Пакистандын маалымат булактары өлкө борбору болгон Исламабадда Ооганстан аркылуу Кыргызстан менен Тажикстандын электр энергиясын сатуу келишимине кол коюлганын жар салды. Келишимге ылайык, Борбор Азиянын бул эки өлкөсү мындан ары 1300 мегаватт саат электр энергиясынын 1000 мегаватт саатын Пакистанга, 300 мегаватт саатын Ооганстанга бере баштайт.

Ошол эле учурда “Өзбек кабар” маалымат булагы Ташкен кургакчылык боюнча Кыргызстанды күнөөлөп чыкканын билдирди. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү эларалык суучарба комиссиясынын илимий маалымат борборунун орнубасар деректири Вадим Соколов, “Токтогул суу сактагычы ирригациялык-энергетикалык максат үчүн курулган эмес, СССР өкмөтүнүн 87-жылдагы документтеринде ал деген Сыр-Дарыя бассейниндеги жерлерди сугаруу үчүн курулган деп жазылып турат” деп айтты.

Эксперттин эсеби боюнча 2002-жана 2006-жылдар ичиндеги суу тартыштыгына түздөн түз кыргыз энергетиктери күнөөлүү. Анткени Нарын каскадындагы Токтогул ГЭСи жыл сайын 6-7 млрд. кубометр сууну ашык иштеп келген, бул деген республиканын керектөөсүнөн алда канча көп дегендикке жатат. Ал эми өз өлкөсүнүн муктаждыгын канааттандыруу үчүн Токтогул ГЭСи 7 жарым млрд. кубометр суу иштеп чыгара турган болсо иш жүзүндө 8 жарым, 9,7 млрд. куб. Суу иштеп чыгарып турат. Натыйжада Кыргызстан өз муктаждыгынан ашып-ташып турган электр энергиясын базар баасы менен Казакстанга жана Россияга сатып жатат дейт В. Соколов. Маселени мындан ары карай кантип чечүү керек деген суроого суу эксперти Советтер Союзу кезде түзүлгөн схемага кайтып келүү керек деп эсептейт. Ал эми Кыргызстандык энергетиктер В. Соколовдун мындай пикирине макул эмес. Анткени Кыргызстан Нарын суусунун өз аймагындагы куймаларынын 20 пайыхзын гана керектейт, калган 8пайызы Өзбекстан менен Казакстанга кетет.
XS
SM
MD
LG