Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:53

"КЫРГЫЗПАТЕНТ" МААЛЫМАТ БАСЫЛМАЛАРЫН ЧЫГАРАТ


Кыргыз мамлекеттик патент кызматы кыргыз жазуучулары, сүрөтчүлөрү, композиторлору жана ойлоп табуучулары тууралуу маалымат басылмасын чыгарып жатат.

2006-жылы президент Бакиев менен маданият ишмерлеринин жолугушуусунда кыргыз мамлекеттик патент кызматынын алдына маданият ишмерлеринин чыгармачылыгына көмөк көрсөтүү милдети коюлган эле.

Мына ошол көтөрүлгөн маселенин негизинде кыргыз мамлекеттик патент кызматынын расмий басылмаларды басуу жана которуу башкармалыгы “Кыргыз Республикасынын жазуучулары, композиторлору, сүрөтчүлөрү жана ойлоп табуучулары” аттуу маалымат китептерин басып чыгарып жатат.

"Ал эми мындай маалымат китептер эгемен жылдар ичинде бир да жолу басылбай келди", деди Мамлекеттик патент кызматынын расмий басылмаларды басуу жана которуу башкармалыгынын жетекчиси Маркабай Ааматов:

-Кыргыз жазуучуларынын, сүрөтчүлөрүнүн, композиторлорунун жана ойлоп табуучуларынын чыгармачылык жолу тууралуу маалымат басылмалар сентябрь айында жарык көрүп калмакчы. Бизге ошондой эле обончулар жана театр ишмерлер жамааттарынан алар тууралуу маалымат басылмаларын чыгаруу өтүнүчтөрү менен кайрылышты. Бул тармактагы чыгармачыл инсандар тууралуу маалымат басылмаларын 2009-жылы басып чыгаралы деп жатабыз.

"Кыргызпатенттин" алдында интеллектуалдык менчик маселелерине арналган “Интеллектуалдык менчик”, “Кыргызпатенттин кабарлары” аттуу журналдар, ошондой эле “Интеллект чыгармачылык жана турмуш”, жаш акын-жазуучулардын чыгармачылыгын чагылдырган “Саамалык” альманахтары чыгып келатат.

Маркабай Ааматовдун айтымында, жогорудагы басылмалардын жаңы сандары Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүүсүндө айткан кеп-кеңештерин эске алат жана “Интеллектуалдык менчик” журналы сегизинчи санынан тарта Айтматовдун чыгармачылыгына арналып чыкмакчы:

-Чыңгыз Айтматов мына ушул маалымат басылмаларына жана журнал-альманахтарга карата бир топ ойлорун айткан эле. Патенттин алдындагы авторлор кеңеши Чыңгыз Айтматовдун ошол кеп-кеңештерин эске алып, айрым оңдоолорду киргизип жатат.
XS
SM
MD
LG